Кыргызстанда пенсионерлердин жарымынан көбү пенсиясын банк аркылуу алат

Жазылуу
Депутат Дастан Бекешев бул жакшы тенденция экенин айтып, пенсионерлердин бардыгына пенсияны банк аркылуу төлөөгө жетишүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы пенсионерлердин 54 пайызы акчасын банк аркылуу алат. 46 пайызына почта кызматы аркылуу жеткирилет. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңеш жалпы жыйында "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал экинчи окууга киргизилет.

Ирсалиев өз сөзүндө 2018-жылы "Кыргыз почтасына" пенсияны таратып жеткирип берүү үчүн 279 миллион сом төлөнсө, банктарга 55 миллион сом төлөнгөнүн билдирди.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
6 миңден 30 миңге чейин. Кыргыздын залкарлары канча пенсия алат
Депутат Дастан Бекешев бул жакшы тенденция экенин айтып, пенсионерлердин бардыгына пенсияны банк аркылуу төлөөгө жетишүү керектигин айтты.

Бирок эл өкүлү Рыскелди Момбеков Социалдык фонд пенсияны жеткирип берген "Кыргыз почтасына" бөлүнгөн акчаны кыскартып жатканын айтып, бул атайылап почтаны банкрот кылуу аракети экенин белгиледи.

Момбековдун айтымында, "Кыргыз почтасына" Социалдык фонд атайылап аз акча бөлүп жатат.

Өз кезегинде Ирсалиев жетекчи катары ал биринчи кезекте Социалдык фонддун чыгымдарын азайтуу жагын карашы керектигин белгилеп, учурда "Кыргыз почтасы" пенсияга таратылган акчанын 1,3 пайызын ала турганын эске салды. Фонддун кийинки жылдарга болгон планында бул көрсөткүчтү 1,1 пайызга түшүрүү каралганын кошумчалады. Мындай өзгөртүү "Кыргыз почтасын" банкрот кылууга алып келбей турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0