Бала багып алуу жеңилдейби? Жаңы жобонун тартиби

© Sputnik / Табылды КадырбековБала жетелеп бараткан аял. Архив
Бала жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда бала асырап алуу жеңилдейби? Кайсы документтер кыскарып, жол-жобосу кандай өзгөрөт? Ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеп көрдү.

2019-жылдын 21-ноябрында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Балдарды асырап алуу чөйрөсүндө өкмөттүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомго кол койгон. Анын ичинде "Балдарды КР жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби" жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилген.

Ага ылайык, эми бала асырап алуу мурдагыга караганда кыйла жеңил болуп каларын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөнү, балдарды колдоо жана мамлекеттик төлөмдөр бөлүмүнүн башчысы Самаган Асанов билдирди.

Адис өзгөртүлгөн жобого таянып, бала асырап алуунун тартибин түшүндүрүп берди.

Бала багып алуу үчүн кандай документтер керек?

Буга чейин бала асырап алуу үчүн тогуз документ керек болчу. Бирок азыркы учурда мамлекеттик органдардын көбү базасын электрондоштуруп жаткандыктан төрт гана документ керектелет. Алар:

  • арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө, анын ичинде баңгилик (токсиндик), алкоголдук көз карандылыгы жана психикалык оорусу жоктугу тууралуу медициналык корутунду;
  • иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
  • өмүр баяны;
  • иштеген жеринен эмгек акысынын көлөмүн так көрсөткөн маалымдама.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала сатты делген гинекологдор. Ымыркайлар кантип соодаланган?
Ал эми буга чейин жогорудагы төртөөнө кошумча талап кылынган паспорттун көчүрмөсү, асырап алуучулардын нике күбөлүгү, соттолбогондугу тууралуу маалымкат, үй-бүлөнүн туруктуу кирешеси бар экенин ырастаган документ, жашаган жеринен үйүнүн документинин көчүрмөсүнүн зарылдыгы жок.

Жогорудагы документтер башка мамлекеттик органдардын базасында бар. Бала асырап алууну каалаган адам арыз жазары менен бул документтер автоматтык түрдө чыгып калат.

Бала асырап алууну каалаган жаран алгач кайда кайрылат?

1. Бала асырап алууну каалаган жаран "Түндүк" мамлекеттик порталына кирип электрондук арыз жазат. Кааласа Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин райондук башкармалыгына да кайрылса болот. Электрондук арыз жазып, катталган соң ал жактан тиешелүү башкармалыкты көрсөтөт.

2. Арыз ээси төрт документти алып, көрсөтүлгөн башкармалыкка барат. 14 күндүн ичинде соцкызматкерлер кайрылган адамдын жашоо шартын текшерет. Эгер баары жакшы болсо, ага корутунду жазып берет.

3. Бул корутундуну алгандан кийин арыз ээси автоматтык түрдө базага талапкер болуп катталат. Ал базада багууга бериле турган бөбөктөр тууралуу маалымат чогултулган. Тизмедеги балдардын анкетасы менен таанышып, өз ылайыгына жараша бала издей баштайт. Белгилей кете турчу жагдай, базада балдардын жаш курагы, жынысы жана улуту гана көрсөтүлөт. Талапкер болуп катталгандан кийин арыз ээси тандаган баласын медициналык текшертүүдөн өткөрүп алууга укуктуу.

Паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Француздар асырап алган баланын Кызыл-Кыядагы агасы паспорт ала албай убара
4. Талабына туура келген баланы тандаган соң, аны менен таанышып, бир айга чейин жолугуп, сүйлөшүп турат. Эгер эки жак тең бири-бирин жактырып, көнүп, тил табышып кетсе соцкызматкерлер дагы бир корутунду жазып берет.

5. Ал документ менен арыз ээси сотко барып, баланы асырап алуу боюнча соттун чечимин алат.

Багып алган баланын аты-жөнүн өзгөртүп алса болобу?

Эгер бөбөк 10 жашка чыга элек болсо, аны асырап алгандан кийин аты-жөнүн өзгөртүү боюнча өзүнчө сотко кайрылып, чечим чыгартып алат. Эгер 10 жаштан өткөн баланы асырап алса, анда анын аты-жөнүн өзгөртүү үчүн баланын макулдугу керек.

Чет элдик жарандар менен КР жарандарына бала багып алуу шарт-талабы бирдей элеби?

Алгач базадагы балдарды КР жарандары тандайт. Эгер үч айдын ичинде баланы кыргызстандыктар багып албаса, анда чет өлкөнүн жарандарына берилет.

Асырап алууга кандай балдар берилет?

Балдар үйүндөгү чүрпөлөр берилет. Көбүнчө ата-энеси каза болуп калган, ата-энелик укуктан ажыратылгандардын кыз-уулдарын, ошондой эле кээ биринин ата-энеси таптакыр дайынсыз болуп кеткендерди асыроого болот.

Бала багып алуунун жеңилдетилген тартиби качан иштеп баштайт?

Кыргызстандын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баланы чет өлкөгө чыгаруу үчүн паспортту кантип алуу керек? 9 суроого жооп
Азыркы тапта бардык мамлекеттик органдардын базалары электрондук форматка өтүп жатат. Электрондоштуруу аягына чыгып, толук маалымат камтыган база даяр болуп, "Түндүк" мамлекеттик порталы иштей башаганда жогоруда айтылган шарт-талап менен бала асырап алса болот. Азыркы жаңы жобонун негизинде аймактык бөлүмдүн адистери жана бала багып алгысы келген жарандарга атайын сабактар өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Электрондоштуруу кийинки 2020-жылы толугу менен ишке ашып калат.

Азыркы тапта асырап алууга берилчү канча бала бар?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин базасында бүгүнкү күндө асырап алууга ар кайсы курактагы 250дөй бала бар. Ал эми "бала багып алам" деген 300дөн ашык КР жараны кезекте турат. Кыргызстандыктар көп учурда жаңы төрөлгөн, төрт жашка чейинки наристелерди сурайт. Асырап алууга берилүүчү бөбөктөрдүн арасында ден соолугунан майыптыгы барлар да кездешет. Быйылкы жылы жети бөбөктү чет мамлекеттин жарандары асырап алса, кыргызстандыктарга асыроого 505 бөбөк берилген. 

Кыргызстанда акыркы эки жылда канча бала асырап алууга берилген
Бала багып алуу жеңилдейби? Жаңы жобонун тартиби - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда акыркы эки жылда канча бала асырап алууга берилген

Кароосуз калган балдарды убактылуу караган фостердик үй-бүлөлөр дагы бар. Бул кызматы үчүн алар мамлекеттен айлык алат. Эгер кароосуз калган балдарды убактылуу карап, багып берем деп пландап жүрсөңүз, жол-жобосун Sputnik даярдаган материалдан окуп чыгыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0