Куландан соомун! Кыргызстандыктар өз ден соолугуна кандай баа берет?

Жазылуу
Адистердин "ден соолугуңузду кандай баалайсыз?" деген суроосуна калктын 86 пайызы "жакшы" жана "эң жакшы" деп жооп берген.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктардын 86 пайызы өз ден соолугуна "жакшы" жана "эң жакшы" деген баа берет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Жыйынтык 2018-жылдагы сурамжылоолорго ылайык чыгарылган.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дем алуу органдарынын илдетине чалдыккандар көп. Статистика
Адистердин "ден соолугуңузду кандай баалайсыз?" деген суроосуна калктын 86 пайызы  "жакшы" жана "эң жакшы" деп жооп берген. Ал эми "орточо" деп элдин 13 пайызы эсептейт. "Ден соолугум анча эмес", "өтө начар" дегендердин катары 1,2 гана пайыз.

Өзүн куландан соомун деп эсептегендер көбүнесе Ош шаарында (96,7 пайыз), Нарын (92,4 пайыз) жана Баткен облустарында (90,5 пайыз) жашайт.

Ал эми ден соолугун начар жана өтө начар деп баалагандарды Чүй облусунан (2,4 пайыз) жана Бишкек шаарынан (1,3 пайыз) кезиктирүүгө болот. Баса, Ош шаарында ден соолугум өтө начар деген бир дагы адам жок экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0