02:55 19 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Коом
Кыскача шилтеме алуу
25910

Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү кыргыз тил институту тарабынан 2015-жылы чыгарылган "Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн" негизинде түзүлгөн.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү электрондоштурулду. Бул тууралуу "Биздин Мурас" коомдук фондунун директору Чоробек Сааданбеков билдирди.

Анын айтымында, бул эмгек Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту менен "Эл-Сөздүк" онлайн сөздүгүнүн биргелешкен долбоору.

Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү кыргыз тил институту тарабынан 2015-жылы чыгарылган "Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн" негизинде түзүлгөн. Анда фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабияттан жана гезит-журналдарга чыккан мисалдар менен коштолот.

Сааданбеков жакын арада тизме "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү", "Манас" эпосунун сөздүгү", "Синонимдер сөздүгү", "Антонимдер сөздүгү" сыяктуу кыргыз тил институту түзгөн актуалдуу сөздүктөр менен толукталарын айтты.

Тема боюнча

Кыргызча бул сөздөрдү түшүнөсүзбү? Тест
Кыргызча бул сөздөрдү туура жаза аласызбы? Тест
Белгилер:
фразеологизм, сөздүк, кыргыз тили

ЭҢ МААНИЛҮҮ