Жээнбеков: майып балдарды тарбиялап жаткан ата-эне, мугалимдерге таазим

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония вручения государственных наград в Государственной резиденции "Ала-Арча"
Церемония вручения государственных наград в Государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү мамлекеттин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин белгилеген.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Жээнбеков ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү мамлекеттин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин белгилеген.

"Мамлекетибиз аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптарынын аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулууда. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, алардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем", — деген президент.

Ошондой эле маалыматта быйыл президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун майыптардын укугу боюнча конвенциясын ратификациялаганы белгиленет.

Соңунда өлкө башчы коргоого муктаж жарандарга ар тараптан жардам берүү жалпы коомдун милдети экенин айтып, аларга ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат жашоо каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0