Саймаити чуусу: премьер Абылгазиев баштаган аткаминерлер УКМКга сурак берет

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын билдиргенине караганда, иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык-айкын өткөрүү максатында тиешелүү бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу журналисттик иликтөө боюнча бир катар аткаминерлер суракка чакырылат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 39- жана 130-беренесинин 1-бөлүгү ("Киши өлтүрүүгө аракет жасоо") боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.

"Иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык-айкын өткөрүү максатында тиешелүү бардык тергөө амалдары жүрүп жатат. 2019-жылдын 2-декабрында "Азаттык" радиосунун журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов суракка чакырылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары - Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, КР президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү - Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшү тууралуу коомчулук ар дайым маалымдалып турат.

УКМКнын билдиргенине караганда, иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык-айкын өткөрүү максатында тиешелүү бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эске салсак, буга чейин Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов ишкер Хабибулла Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

УКМК иликтөөдө аты аталгандардын бардыгы суракка чакырыларын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0