ЖККУ саммити учурунда жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салынабы?

Жазылуу
27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик иш сапары менен келип, Бишкектин бир нече көчөсү жабылган. 28-ноябрда ЖККУнун саммити өтүп, ага алты мамлекеттин башчылары катышкан. Бул күнү да негизги трассалар маал-маалы менен жабылып турду.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында 27-28-ноябрда өткөн мамлекеттик иш-чаралар учурунда жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салынат. Бирок бир нече убакытка жабылган көчөлөрдө автоинспектордун буйругунан улам кызыл жарыкка өтүп кеткендерге, же башка жол эрежелерин бузгандарга айып пул салынбайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринде билдирди.

Жол эрежесин көзөмөлдөөчү камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик номер тагылган автоунаа менен эреже бузгандарга кандай чара көрүлөт?
Белгилей кетсек, 27-ноябрда Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик иш сапары менен келип, Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылган. Ал эми 28-ноябрда ЖККУнун саммити өтүп, ага алты мамлекеттин башчысы катышкан. Бул күнү да борбор калаанын негизги трассалары маал-маалы менен жабылып турган.

"Аппараттык программалык комплекстер турган жерде жол кыймылын автоинспектор тескеп жатса, ага баш ийиш керек. Камералар иштей берет, бирок айдоочулардын кыймыл-аракети жол эрежесин бузуу катары саналбайт", — деди Оторов.

Ал ошондой эле автоинспектор тескебеген көчөлөрдө бузулган эрежелерге кадимкидей эле токтом чыгып келерин айтты. Андан сырткары, жол эрежесин бузганы боюнча чыгып келген токтом менен макул болбогон айдоочулар Мониторинг борборуна кайрылып, тактай аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0