Кышында кардан улам көрүнбөй калган сызыктан өткөн айдоочулар айып төлөбөйт

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилек Оторовдун айтымында, жол чийиндеринин үстүнө кар жатып көрүнбөй калса, бул эреже бузуу катары эсептелбейт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кышында кардан улам көрүнбөй калган чийинден өтүп кеткен айдоочуларга айып салынбайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринде билдирди.

Оторов өз сөзүндө жол чийиндеринин үстүнө кар жатып көрүнбөй калса, бул эреже бузуу катары эсептелбей турганын айтты.

"Автоматтык система каттоого алган күндө дагы Мониторинг борборундагы кызматкерлер токтомду жокко чыгарат. Андан тышкары, кар жааган учурда муниципалдык кызматтарга жолдогу сызыктарды тазалоо боюнча тапшырмалар жөнөтүлүп турат", — деди ал.

Акция Дайте дорогу детям в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар": 4-марттан тарта 457 миллионго чукул айып пул төлөндү
Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин "Коопсуз шаар" долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева болсо калаага коюлган камералар кышында деле эч кандай өзгөрүүсүз иштей берерин кошумчалады.

"Камералар мурдагыдай эле иштеп, жети эреже бузууну каттайт. Камералар интеллектуалдуу система менен иштейт. Эгер линияны кар басып, сызыктар көрүнбөй калса, Мониторинг борбору бул эреже бузууну "далил база жок" деп жокко чыгарат", — деди ал.

Жээнбаева "Коопсуз шаардын" камералары интеллектуалдуу система болгондуктан, жол сызыктары көрүнбөй калса да аны жаттап каларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0