Жакшылыкта башкача жарышпайлыбы... Коёндой окшош тойлор тажатканда

Жазылуу
Акыркы кезде өлкөдөгү тойлор коендой окшош болуп, ысырапкорчулук менен коштолуп, эл көрсүн үчүн жасалган жакшылыктан коноктор качып калды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов азыркы тойлор жөнүндө ой-толгоосун жазды.

Ар бир кыргыз алакан жайып бата кылса эле "Ак досторкон жакшылыкка жайылсын", "Жакшылыктарда эле чарчайлы" дейт эмеспи. Ал эми меймандарга "силер дагы той өткөрүп, келин алып, кыз бергиле, жугуштуу болсун" деген тилегин айтат.

Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык...

Күз келип береке төгүлүп турган маалда тойлордун сезону башталат. Көпчүлүк кыргызстандыктар өз жакшылыгын ушул мезгилде өткөрүүнү пландайт. Бул кезде ырчы-чоорчулардын колу бошобой көпчүлүгү тойлордо кызмат кылып, тойканаларды дем алыш күндөргө табуу кыйынчылыкка туруп калат. Ал жакшылыктардын көпчүлүгү "мен андан эмнем кем, эл биздин катышыбызды, кадыр-баркыбызды көрсүн" деген сөздөр менен коштолуп өтөт. Той ээлери колдон келишинче конокторду таң калтыруу аракетин көрүп таанымал ырчыларды, белгилүү саясатчыларды чакырып, Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылып коноктоодо. Аларга атаандашкандар чама-чаркы жетпей турса да карыз алып, тапкан-ташыганын баарын өз жакшылыгына жумшап жатат. Албетте, алардын эч кимисине тыюу сала албайбыз. Бирок коомчулук мааракелер аша чапкандык менен уюштурулуп, той өткөргөндөр коноктордун саны, алардын арасында кайсы атактуулар бар экендигин сөз кылып мактанып калгандыгын айтып келишүүдө.

Эсептешкен жакшылык...

Фотосессия любовной пары - Sputnik Кыргызстан
Тойду өзүңөр каалагандай өткөргүлө. Үйлөнө тургандарга 6 кеңеш
Ысырапкорчулук менен коштолгон иш-чаралар коендой окшош болуп өткөрүлүүдө. Мисалы, бир айда төрт тойго барсаң, баягы эле эки антракт, эки ысык тамак, аягында эт тартылат. Жакшылык ээлери менен тамада эле башка болбосо, адамдын чарчаткан ошол эле музыка, айтып бүтпөгөн узун ошол эле калоо-тилектер. Кээде тойдогу кишинин көптүгүнөн той ээлери менен амандашып, саламатчылык дагы сураганга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ушундай сценарий менен уюштурулган тойдон эл тажап, тойканада өткөрүлгөн маараке элеттиктердин жападан жалгыз көңүл ачуу чордонуна айланып калгандай. Мындай тойго чакырылгандардын айрымдары кошумчасын берүү үчүн гана мойнунан байланган иттей болуп эптеп барып калды. Кээде ошол кошумчанын айынан тууганчылык байланыштын үзүлүп калып жатканын деле көрүп жүрөбүз.

Жакшылыкта башкача жарышпайлыбы?

Ар бир адам өзүнүн кубанычын кантип, каякта, кимдер менен бөлүшүүнү өзү билет эмеспи. Бирок келин алып, кыз берип, уулдуу же үйлүү болгондо жакшы кабарыбыз менен башкача бөлүшпөйлү. Мисалы, жаңы баш кошкондорду тойго кетчү каражатка турак жай алып берели. Анчалык эле кирешебиз ашып-ташып, эл оозуна алынгыбыз келсе бала бакча, мектеп, төрөт үйлөрүнө түзмө-түз жардам берип көңүл жылытпайлыбы. Жок дегенде мектептеги окуучуларга топ алып бергенге чамабыз жетсе керек. Тилектеш, санаалаш адамдар менен биргеликте айылдагы, аймактагы социалдык көйгөйлөрдүн чечилишине бирге кол суналы. Туугандар биригип карапайым калкка пайдалуу өз долбоорлорубузду ишке ашыралы, ишкана ачалы кийин балдарыбыз ошонун менен мактансын. Кароосуз калган жетим балдардын башынан сылайлы, муктаждарга жөлөк бололу. Себеби өз турмушубузда коомдогу орчундуу көйгөйлөргө күндө эле көрүп, жаныбыз кейип жатат го.

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойго жакын жакшы кыз таппайсың! Үйлөнчү жигит эмнеге даяр болушу керек
Келечек муунга кам көрөлү, кур намыстанып жатып башыбыз тойдон чыкпай калды окшойт. Качанкыга чейин арабдар суу чыгарып берсе, кытайлар жолубузду жасаса, орустар техника берсе деп отура беребиз.

Азыр ата-энелер тогуз тойдон калбай, бирок балдарына тогуз китеп алып бергенге жарабай калдык. Заңгыраган үй салып ичине чакан китеп бурчун уюштуруп бергенге чолобуз тийбей калды. Сүйлөгөнүбүз, ойлогонубуз, мактанганыбыз, актанганыбыз той болууда.

Жакшылыктарды чакан, ашыкча чыгымы жок өткөрүүгө бел байлайлы, туугандар. Ал аракеттерибиз берекенин, тууганчылыкты бекемдеген саамалыктардан болсун.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0