Кыргыз сому аукциондо 140 эсе кымбат сатылууда. Себеби

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сатуучунун айтымында, анын баасы мынча кымбат болушуна сериялык номеринин төмөндүгү (CС 0000002 — ред.) себеп болууда.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Россиялык интернет-аукциондордун бирине 50 сом номиналындагы кыргыз акчасы 142 эсеге кымбат сатылууда.

Банкнотанын чыккан жылы көрсөтүлгөн эмес. Бирок ал 2009-жылдан тарта чыгарыла баштаган серияга кирет. Баштапкы баасы — 6500 рубль (7 миң 85 сом сом).

Сатуучунун айтымында, анын баасы мынча кымбат болушуна сериялык номеринин төмөндүгү (CС 0000002 — ред.) себеп болууда.

Буга чейин eBay интернет аукционуна 1000 сомдук купюра 20 эсе кымбат сатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0