10:47 21 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7130
  • EUR77.3082
  • RUB1.1342
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Ишкер Айэркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлүшү (34)
3504 0 0

Райым Матраимов УКМКга бүгүн күбө катары чакырылган. Ага журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суроолор берилери айтылган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов УКМКдан чыкты. Анын сүрөт, видеосу Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-ноябрда, саат 14.00дөр чамасында Матраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына сурак берүү үчүн кирип кеткен. Ал алты саатка чукул сурак берип сыртка чыкканда, аны күтүп турган журналисттерге комментарий берген жок.

Кабарчынын айтымында, Матраимов УКМКнын имаратынан саат 19.45тер чамасында чыкты. Журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаага түшүп кетип калды.

Ал күбө катары чакырылганы айтылып, журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралары белгиленген.

Окуянын чоо-жайы

21-ноябрда Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген.

Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

Ал эми 25-ноябрда Бишкек шаарында Ак үйдүн алдына 1000ге чукул киши чогулуп, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Алар Райым Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

Тема:
Ишкер Айэркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлүшү (34)

Тема боюнча

Райым Матраимов УКМКга суракка чакырылды
УКМКга сурак берүүгө кирип бара жаткан Райым Матраимов. Сүрөт
Белгилер:
кылмыш, коррупция, УКМК, Райымбек Матраимов

ЭҢ МААНИЛҮҮ