Алмазбек Атамбаевди соттон кайра абакка алып кетишти. Видео

© Sputnik / Нурис АлымбаевСудебный процесс по делу о незаконном освобождении кримавторитета Азиза Батукаева
Судебный процесс по делу о незаконном освобождении кримавторитета Азиза Батукаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев буга чейин эки ирет сотко келүүдөн баш тарткан. Ошого байланыштуу процессти ансыз өткөрүү чечими кабыл алынган болчу.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Биринчи Май райондук сотуна алып келинген Алмазбек Атамбаевди соттун имаратынан кайра УКМКнын тергөө абагына алып кетишти.

Адвокаттардын айтымында, соттук процесс 6-декабрга жылды.

Бүгүнкү сот отурумуна Атамбаевдин жакын туугандары да келди. Анын кичүү уулу Кадыр Атамбаев атасы так бүгүн сотко алынып келерин алдын ала билбегенин, жарым саат мурда угуп эле шашып келгенин айтты.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

Здание Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Конституциялык палата Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышынын мыйзамдуулугун карайт
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0