09:12 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12901

Башкы балатынын узундугу 27 метр. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтына "Жаңы жылдык белек" деген ат менен орнотулат.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын борборундагы "Ала-Тоо" аянтына башкы балатынын металл каркастары кураштырып, коюла баштады. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жаңы жыл майрамынын бул атрибутун орнотуу "Бишкек свет" жана "Тазалык" ишканаларына тапшырылган. Анын узундугу 27 метрди, диаметри 12 метрди түзүп, "Жаңы жылдык белек" деген аталышта кооздолмокчу. 

На центральной площади Бишкека началась установка металлического каркаса главной елки
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек шаарынын борборундагы "Ала-Тоо" аянтына башкы балатынын металл каркастары кураштырып, коюла баштады

Мэриядан балаты кызыл тасма менен оролуп, банттар тагыларын айтышты. Бул атайын даярдалган белекти элестетет. Күйүп-жанган диоддуу шнур-лампалар тартылып, шар жана кар бүртүктөрү тагылат.

Балатыдан башка "2020" деп жазылган ири сандардын инсталляциясы жаңы жылдык башка белгилер менен кошо орнотулат. Мындан сырткары, былтыркы бугулар да болот.

"Ала-Тоодон" сырткары "Ынтымак" паркында да балаты пайда болуп, калаанын түштүк тарабында жашагандарга жагымдуу маанай тартуулайт. Ал борбордук бөлүгүнүн батыш жагына коюлат. 12 метрлик жасалма балатынын материалдары кар, суукка туруштук бере аларын айтышты.

Тема боюнча

Декабрдын башында күн кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Белгилер:
ынтымак, "Ала-Тоо" аянты, балаты, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ