Атамбаевдин ден соолугу жайында эмес. Адвокаттын билдирүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоошев УКМКнын тергөө изоляторунун дарыгерлери Атамбаевдин ден соолугуна бир сутка бою тынымсыз көзөмөл кылып, кан басымы кээде төмөн түшүп кетип жатканын аныкташканын айтты.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мурдагы президенттин жактоочуларынын бири Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевдин кан басымы олку-солку болуп жатканын журналисттерге билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 29-ноябрда, Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотуна кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди.

Жоошев УКМКнын тергөө изоляторунун дарыгерлери Атамбаевдин ден соолугуна бир сутка бою тынымсыз көзөмөл кылып, кан басымы кээде төмөн түшүп кетип жатканын аныкташканын айтты.

"Кан басымы төмөн түшүп кетип, кайра калыбына келүүдө. УКМКнын тергөө изоляторунун дарыгерлери суткалык изилдөө жүргүзгөн. Муну билип туруп үй камагына чыгарса деле болот же сотко алып келбеш керек болчу", — деди Жоошев.

Атамбаевдин жактоочусу 27 томдук иш менен таанышып чыгууга убактысы болбой жатканын сотко өтүнүч келтирип, ал канааттандырылганын кошумчалады. Мындан улам сот кийинки процессти 6-декабрга саат 10:00гө белгилеген. Адвокаттын айтымында, анда айрым күбөлөр көрсөтмө бериши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0