Россия белек кылган тик учактар менен станциялардын артыкчылыгы. Саресеп

© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КРТоржественная церемония приема-передачи двух вертолетов и радиолокационной станции в Канте
Торжественная церемония приема-передачи двух вертолетов и радиолокационной станции в Канте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Кыргызстанга МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак, П-18 үлгүсүндөгү радиолокациялык станция белек кылды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко мындай кадамдын пайдалуулугу тууралуу айтып берди.

Александр Хроленко, аскерий баяндамачы

Аскердик техниканы өткөрүп берүү салтанаты Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Кант шаарына жакын жайгашкан Абадан коргонуу боюнча авиациялык-техникалык аймагында өттү.

Кыргызстандын коргонуу жөндөмүнүн өрчүшү ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ордун бекемдейт. Эл аралык терроризм, диний экстремизм жана афгандык баңгитрафик кулачын жайып турган чакта, жалпы чакырык, коркунучтар фонунда Бишкекке берилген аскердик жардам Москва тарабынан чын дилден болду.

Россия 27-ноябрда Кыргызстанга МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак, П-18 үлгүсүндөгү радиолокациялык станцияны белек кылды. Бул аскерий техника Россиянын коргонуу ишканаларында учурдун талапбына жараша заманбапташтырылган. Ага 770 миллион рубль сарпталды. 

© Sputnik / Сергей АладьевОңой эмес экен! Россиянын Кыргызстанга берген аскерий техникасынын видеосу
Россия белек кылган тик учактар менен станциялардын артыкчылыгы. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Оңой эмес экен! Россиянын Кыргызстанга берген аскерий техникасынын видеосу

Аскердик техника ЖККУ Кеңешинин жыйынын утурлай салтанаттуу түрдө тапшырылды, аталган жыйын Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен өттү. Москва Кыргыз армиясын кайра куралданышына 1,5 миллиард доллар бөлүүнү убада кылган, РФ айткан убадасын аткарат.

РФ Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө (КК) көп багыттуу эки МИ-8МТ тик учагын, заманга бап сооттолгон 9 чалгындоочу-кайгуул унаасын, аскердик-транспорттук Ан-26 эки учагын жана аларды пайдалануу үчүн аба жабдыктарын акысыз берди. 

© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КРРоссия 27-ноябрда Кыргызстанга МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак, П-18 үлгүсүндөгү радиолокациялык станцияны белек кылды. Бул аскерий техника Россиянын коргонуу ишканаларында учурдун талапбына жараша заманбапташтырылган. Ага 770 миллион рубль сарпталды.
Россия белек кылган тик учактар менен станциялардын артыкчылыгы. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Россия 27-ноябрда Кыргызстанга МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак, П-18 үлгүсүндөгү радиолокациялык станцияны белек кылды. Бул аскерий техника Россиянын коргонуу ишканаларында учурдун талапбына жараша заманбапташтырылган. Ага 770 миллион рубль сарпталды.

Потенциалдын өсүшү

Global Firepower аскердик күчтүн дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан 137 өлкөнүн ичинен 91-сапта. Алты миллиондук калкы бар өлкө үчүн бул дурус көрсөткүч. Global Firepower жана башка ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, республиканын кургактагы күчтөрүнүн Т-72 150 танк, 300дөн ашуун БМП, 45 БТР-70 жана БТР-70М, 10 БТР-80, 30 БРДМ-2, 200 чакты ракеталык жана артиллериялык орнотмолору бар. Алардын арасында 120-мм 2С9 "Нона-С" (12) өзү жүрүүчү, 122-мм орнотулган 2С1 "Гвоздика" (18), Д-30 жана М-30(107) чиркелүүчү 122-мм гаубицалар, 152-мм Д-1 (16) жана ар кыл калибрдеги минометтор да кирет. Ошондой эле залп отунун ракеталык тутуму – 15 "Град" аскерий унаасы жана алты "Ураганы" менен да жабдылган.

КР КК абадан кол салуудан коргоо күчтөрүндө L-39 "Альбатрос" аскерий-окуу учактарынын бөлүгүнө, АН-26 аскерий-транспорттук учактарына, Ми24 сокку уруучу жана Ми-8 көп багыттуу тик учактары бар.

ПВОнун негизги тутуму болуп С-125 "Печора" жана С-75 "Двина" зениттик ракеталык комплекстери саналат. Жыйындысынан алып караганда аскердик күчү дурус. Бирок ошентсе да Борбордук Азияда чакан болуп эсептелген КР армиясы өсүш резервдерине ээ.

Встреча президента КР Сооронбая Жээнбекова с президентом РФ Владимиром Путиным - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-орус мамилеси тереңдейт. Жээнбеков менен Путин өзүнчө сүйлөштү
Кургактагы күчтөр (8500) жана Абадан чабуулдан коргонуу күчтөрү (2400) үчүн россиялык өндүрүштөгү техникага ээ болуу менен кандай мүмкүнчүлүктөр жаралат? Мисалга, МИ-8МТ көп багыттуу тик учактары кургактагы бөлүктөрдүн тоо шарттарында ыкчамдыгын кыйла арттыра алат. Аткара алчу милдеттеринин кеңири спектринде бул машиналардын дүйнөдө теңдеши жок. Ми-8МТ куралдуу күчтөрүн ок менен колдоо, каршылаштардын ок чыгарган түйүндөрүн тескелбеген реактивдүү снаряддар менен басууда, ошондой эле жарадарларды, ок-дары, курал-жарак, дары-дармектерди (жалпы 4 тонна салмакта) ташууга багытталган. Ми-8МТ тик учагы эң катаал климаттык шарттарда аскердик аракеттерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Эки кыймылдаткычы саатына 250 чакырым ылдамдыкты жана жогорку ынанымдуулукту камсыз кылат. Эми Кыргызстандын армиясынын Ми-8 көп багыттуу беш тик учагы бар.

Россиялык радиолокациялык станциялар Кыргызстандын аба мейкиндигин чоң жана орто бийиктикте ишенимдүү көзөмөлдөө жана коргоого шарт түзөт. Заманбапташтырылгандан кийин станциянын багыт табуунун ыраактыгы жана тактыгы боюнча мүнөздөмөлөрү (маалыматтарды санариптик иштеп чыгуу) жакшырды, аппаратуранын көлөмү кичирейди, ишенимдүүлүгү артты, тоскоолдуктардан коргонуусу жогорулады. Мобилдик РЛС П-18-2 операторлорго учуучу аппараттарды табуу, коштоого, алардын кайсы мамлекеттерге таандык экенин аныктоого мүмкүндүк берет. Станция 3000 метрге чейинки бийиктикте 84 чакырымга дейре ыраактыктагы, же 20-27 чакырымдык бийиктикте 160 чакырымга чейинки ыраактыктагы бутаны "көрүүгө" жөндөмдүү.

Республиканын Абадан чабуулдан коргонуу күчтөрү КМШнын дайым өнүгүп келе жаткан Биргелешкен ПВО системасы менен өз ара аракеттенишет. Сутка сайын биргелешкен аскердик күзөт 600 чакты кишини ар кандай деңгээлдеги 30 башкаруу пунктуна жеткирет. 

© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КРРоссиялык радиолокациялык станциялар Кыргызстандын аба мейкиндигин чоң жана орто бийиктикте ишенимдүү көзөмөлдөө жана коргоого шарт түзөт.
Россия белек кылган тик учактар менен станциялардын артыкчылыгы. Саресеп - Sputnik Кыргызстан
Россиялык радиолокациялык станциялар Кыргызстандын аба мейкиндигин чоң жана орто бийиктикте ишенимдүү көзөмөлдөө жана коргоого шарт түзөт.

Кызматташтыктын өрчүшү

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын алкагында Россия, Тажикстан, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Белоруссия лидерлери тажик-афган чек арасын, эл аралык жана аймактык коопсуздукту бекемдөө маселесин талкуулашты. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жаңы чакырык, коркунучтарга каршы турууга терең көңүл буруп, 2019-2021-жылдарга карата БУУнун глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу аракеттеринин программасын карап чыгышты. Бул күн тартибин жүзөгө ашырууда Бишкек менен Москвадан көп нерсе көз каранды.

Тажик-афган чек арасындагы чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖККУ тажик-афган чек арасындагы абалды жөнгө салууга жардам берет
Кыргызстандын географиялык орду Борбордук Азиядагы маанилүү транзиттик жолдорун көзөмөлдөөгө жол берет. "Кант" биргелешкен россиялык аскердик базасы 2015-жылы ЖККУнун Тез арада аракетке келчү жамааттык күчтүн авиациялык бөлүгү катары түзүлгөн. Ал эми бүгүнкү күндө Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту камсыздоонун эң маанилүү фактору болуп саналат. Мында Су-25СМ чабуулга алуучулар, Ми-8МТВ көп багыттуу тик учактары жайгашкан. Мурда кабарлангандай, Россия Кыргызстандын Коргоо министрлигине иштеп турган инженердик инфраструктурасы менен эки аскердик шаарчаны (алар мурда россиялык базанын курамына кирген) "Кант" базасын пайдаланууга ижара акысынын ордуна берген.

Кыргызстан — Россиянын ынанымдуу стратегиялык союздашы. РФтин аскердик базасы — Москва менен Бишкектин узак мөөнөттүү кызматташтыгынын башкы элементи, Кыргызстан менен Россиянын экономикалык жана мамлекеттик коопсуздугунун негизи. РФтин Коргоо министрлигинин мааниси жагынан буга окшогон объектилери Арменияда жана Тажикстанда да бар.

Россиялык аскердик контингент бир кыйла деңгээлде КРдин коргонуу жөндөмүн бекемдейт, мындан сырткары, Россиянын ВМФ ыраактагы байланыш түйүнү жана сыноо базасынын жайгашкандыгы үчүн Москва жыл сайын Бишкекке 4,5 миллион доллар төлөйт. ЖККУнун алкагындагы жана эки тараптуу мамилелердин абалы көп жагынан улуттук экономиканын тез өнүгүшүндөгү Бишкектин кызыкдарлыгын аныктайт. Аскердик базалар менен катар терең мааниге ээ инвестициялар келет, жарандык долбоорлор жаралат. Россия менен Кыргызстандын коргоо жана экономикалык тармактарындагы кызматташуусу мындан ары да өнүгө берери айкын.

Жаңылыктар түрмөгү
0