20:27 02 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Казакстанда кармалган ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу (35)
130 0 0

Тергөө Дамирбек Асылбек уулун улут аралык кылмыштуу топ түзүп, Кыргызстандан Казакстан менен Россияга контрабандалык товар ташыган деп айтыптады.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу жазасын Кыргызстандын Молдовановка айылындагы №27 абакта өтөйт. Бул туурасында Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Ал эми анын Казакстандан экстрадиция болгон эки шериги Петровка айылындагы №8 абакка жайгаштырылган.

Дамирбек Асылбек уулунун иши

2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган. Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 264 ("Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү") жана 234-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2019-жылы 24-апрелде Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылмак.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.

2019-жылдын 19-ноябрында кармалган үч кыргызстандык Казакстандан мекенине экстрадиция кылынган.

Тема:
Казакстанда кармалган ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу (35)

Тема боюнча

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды
Белгилер:
контрабандалык жүк, сот, Дамирбек Асылбек уулу, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ