Токаев менен Жээнбеков Айтматовдун үй-музейине барышты. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты
Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген.

"Мамлекет башчылары улуу жазуучунун жакындары менен маектешип, үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты. Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов президенттерге музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берип, Токаевге сүрөт белек кылды", — деп айтылат маалыматта.

Касым-Жомарт Токаев каалоолор китебине өзүнүн каалоо-тилегин калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0