Орус тили жана адабияты мугалимдеринин сынагы өтөт. Мыктылары Москвага барат

Жазылуу
Кыргызстандык 30 мугалимге орус тили жана адабияты боюнча дүйнөгө аты чыккан мугалимдердин биринин катышуусу менен Бишкек шаарында мастер-класс өткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен жолуккан учурда "Россия гуманитардык миссиясы" уюмунун жетекчиси Алексей Полковников Кыргызстандагы орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн сынак уюштуруларын айтты. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кесипке карай менин жолум" темасындагы сынак 2019-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 31-мартына чейин өтөрү болжолдонууда. Конкурс эки этап менен өтөт. Биринчи этапта катышуучулар эссенин негизинде тандалып алынат. Экинчи баскычка өткөн 30 мугалим орус тили сабагын өтүү методикасы боюнча жеке көз карашын чагылдырган видео-ролик даярдамакчы", — деп айтылган маалыматта.

Эскизы здания филиала Московского государственного университета имени М. В. Ломоносова в Оше - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ачыла турган МГУ филиалынын курулушу башталат. Эскиз
Экинчи этапка жолдомо алган 30 мугалимге орус тили жана адабияты боюнча дүйнөгө аты чыккан мугалимдердин биринин катышуусу менен Бишкек шаарында мастер-класс өткөрүү пландалган.

Ал педагогдорго окутуунун жаңы методикаларын көрсөтөт. Сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынган эң мыкты он мугалим 2020-жылы Москвага жолдомо-сертификаттарына ээ болот.

Маалыматта конкурстун 2020-жыл Кыргызстан менен Россияда жарыяланган эки өлкөнүн кызматташуу жылынын алкагында өтөрү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0