Жалал-Абад шаарында жолбун иттер жок кылынууда

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСильный снегопад в Москве
Сильный снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл тогуз ай ичинде ит, мышык тиштеген 130дан ашуун адам ооруканага кайрылган. Адистер ит тиштеп алган учурда дароо бейтапканага кайрылып, кутурмага каршы эмдөөдөн өтүүнү эскертишет.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддагы "Тазалык" ишканасы жолбун иттерди жок кылууну улантып жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Ага ылайык, мекеменин ит атар мергенчилери тарабынан күн сайын 15ке жакын ит атылат.

"Жыл башынан бери 1600гө жакын ит жок кылынган. Бул аракет жарандардын коопсуздугун сактап, өмүрүнө коркунуч келтирбөөнү көздөйт", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл тогуз ай ичинде ит, мышык тиштеген 130дан ашуун адам ооруканага кайрылган. Адистер ит тиштеп алган учурда дароо бейтапканага кайрылып, кутурмага каршы эмдөөдөн өтүүнү эскертишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0