Саймаитинин өлүмү. Башкы прокурор да түркиялык кесиптеши менен сүйлөштү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов. Архив
Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-ноябрда кечинде Стамбулда ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн. Бул ишти иликтөөдө прокурорлор атайын келишимдин негизинде кызматташмай болушту.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түркиялык кесиптеши Мехмет Акаржа менен телефон аркылуу баарлашты. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматы кабарлады.

Башкы прокурорлор эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сүйлөшкөн. Ошондой эле Жамшитов 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбулда киши колдуу болгон кытай жараны Айэркен Саймаити жана аны өлтүрүүгө шектелип кармалгандар жөнүндө кеп козгогон.

"Окуя Кыргызстанда чоң резонанс жараткандыктан, эки тараптын кылмыш иштери боюнча кызматташуу жөнүндөгү келишимине ылайык тараптар тийиштүү материалдарды териштирүүдө бири-бирине жардам көрсөтүү боюнча макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.

Момент убийства Айеркена Саимаити попал на видео — стреляли в упор - Sputnik Кыргызстан
Айэркен Саймаитини атып кеткен учурдун видеосу
Эске салсак, 10-ноябрда кечинде Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин алдынан ишкер Айэркен Саймаити атып өлтүрүлүп, ага шектелип үч киши кармалган. Кийинчерээк төртүнчү шектүү да колго түшкөн. Айрым маалыматтарда колго түшкөн үч кишинин экөө Кыргызстандын жараны экени айтылып, бирок кийин Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы шектүүлөргө Кыргызстандын паспорту берилбегенин жана КРдин жараны эместигин кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0