Чүй ЖКККБ аба ырайы кескин өзгөргөндүктөн айдоочуларга эскертүү берди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-27-ноябрь күндөрү өлкөдө күн сууктап, кар жаай турганын кабарлаган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кар жаап аба ырайы улам өзгөрүп тургандыгына байланыштуу айдоочуларга эскертүү берди.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-27-ноябрь күндөрү өлкөдө кар катуу жаай турганын кабарлаган.

Жол инспекторлору мындай кырдаалда Төө-Ашууда жана Боом капчыгайында ылдамдыкты чектеп, автоунаалардын ортосундагы аралыкты сактоону эскертет.

Ошондой эле жол кырсыктарын алдын алуу максатында жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, анан гана жолго чыгуу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0