Бишкекте тынчтык митингине чогулгандар тарады

© Sputnik / Эркин СадыковБишкекте тынчтык митингине чогулгандар тарады
Бишкекте тынчтык митингине чогулгандар тарады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акцияга катышкандар колдоруна "Уурулардын орду түрмөдө", "Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок" деп жазылган транспаранттарды көтөрүп алышкан.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында өткөн тынчтык митинги аяктады. Уюштуруучулардын айтымында, ага миңден ашык киши келген.

Бюро гравировки и печати банкнот в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңеши: өлкөдөн 700 млн. доллар чыгарылганы чын
Акцияга катышкандар колдоруна "Мыйзам баары үчүн бирдей", "Акчабызды кайтарып бергиле", "Уурулардын орду түрмөдө", "Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок" деп жазылган транспаранттарды көтөрүп алышкан.

Андан тышкары, чогулгандар "Райым камалсын!", "Уурулар түрмөгө", "Реалдуу реформа" деген талаптарды коюшту.

Митингге келгендердин басымдуу бөлүгүн улан-кыздар түздү. Акцияга чыккандардын коопсуздугуна укук коргоо органдары да көз салып турушту.

Андан тышкары, ушундай эле митинг Каракол шаарында да өтүп, кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, ага саналуу гана киши келген.

Бишкекте өткөн тынчтык митингинин жүрүшүн онлайн-репортаждан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0