ЖККУ саммити. Коопсуздук кеңешинин катчысы элди чыдамкайлыкка чакырды

Жазылуу
Бишкекке 27-ноябрда мамлекеттик сапары менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келип, 28-ноябрда ЖККУ саммити өтөт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бишкектиктерден Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) саммитине түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Эске салсак, Бишкекке 27-ноябрда мамлекеттик сапары менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келип, 28-ноябрда ЖККУ саммити өтөт.

"Бишкек тургундарынан саммитке түшүнүү менен мамиле кылуусун суранам. Делегациялар Бишкекте жүргөн күнү эл тарабынан колдоо керек. Бул жолку саммит менен биз ушундай кадыр-барктуу уюмда төрагалыгыбызды жыйынтыктайбыз", — деди Сыдыков.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев алдын ала шаардыктардан кечирим сурап, колдон келишинче жол тыгындарынын санын азайтууга аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0