Матраимов УКМКга чакыртылышы мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин билдирүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековСекретарь Совета безопасности КР Дамир Сагынбаев
Секретарь Совета безопасности КР Дамир Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев экс-бажычы Райымбек Матраимовдун кайда экенин да айтып берди.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовго бир катар суроолорду бериши мүмкүн. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан келген контрабанда боюнча журналисттик иликтөөдө айтылган фактылардын баары УКМКнын өкүлү жетектеген мекемелер аралык ыкчам-тергөө тобу тарабынан текшерилет.

"Материалдардын баары УКМКда болгондуктан, тергөөгө чейинки тийиштүү чараларды көрүү, башкача айтканда, журналисттик иликтөөдө айтылгандарды аныктоо үчүн же ал өзү келет, же аны келтиришет", — деди Сагынбаев.

Экс-бажычы учурда кайда экендиги тууралуу суроого Коопсуздук кеңешинин катчысы: "Менин билишимче, Райым Матраимов Кыргызстанда", - деп жооп берди.

Здание Государственного Комитета Национальной Безопасности  - Sputnik Кыргызстан
УКМК журналисттик иликтөөнүн фигуранттарын суракка алат
Эскерте кетсек, өткөн жумада эки ЖМКнын Кытайдан келген контрабанда боюнча биргелешкен иликтөөсү чыккан. Анда Матраимовдордун кланы дагы бир таасири күч клан — Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсү менен ишкерлик кылганы айтылат. Иликтөө Стамбул шаарында атып өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин маалыматтарына негизделген. Анда Саймаитинин Абдукадырдын акчасын кантип адалдаштырганын айтып бергени баяндалат. Мында кеп 700 миллион доллар тууралуу болууда. Киши колдуу болор алдында Саймаити документтердин басымдуу бөлүгүн журналисттерге берип, коррупциялык схемалар тууралуу айткан. Бирок эң маанилүү делген документтерди берүүгө жетишпей калганы маалым болду.

Ал арада Райым Матраимов Кыргызстанга келгенден кийин бардык суроолорго жооп берерин айтып, билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0