Башкы прокурор менен Жогорку соттун төрайымынын декларациясы

Жазылуу
Мамлекеттик кызматкерлер кирешеси жана ээлик кылган мал-мүлкү туурасында Салык кызматына маалымат тапшырат.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы жана башкы прокурор бир жылда миллион сомдон каражат табат. Бул туурасында 2018-жылга карата тапшырылган декларацияда көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева өткөн жылы 1 миллион 141,5 миң сом иштеп тапкан. Мындан башка мал-мүлккө ээлик кылбайт. Калиеванын жакын туугандары 498,8 миң сом киреше чогулткан. Андан башка байлыгы жок экени айтылат.

Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевдин кандай байлыгы бар?
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов былтыр 1 миллион 181 миң сом иштеп тапкан. Үйүнүн алдында 6 сотых огороду жана айыл чарба багытындагы 56 сотых жер тилкеси бар. Мындан сырткары, 300 миң сомдук бодо мал менен 250 миңдик кой-эчкинин ээси. Эмеректеринин наркы 150 миң сомду түзөт. Жеке турак жайы жана автоунаасы көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми жакын туугандары бир жылда 1 миллион 603 сом тапкан. Алар аянты 41 чарчы метрлик батирге, Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылышат. 120 миң сомго бааланган бодо мал кармай турганы да жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0