Бишкекте органдарды трансплантациялоочу лаборатория пайда болушу ыктымал

© Фото / Пресс-служба правительства КРДевятое заседание Межправительственной кыргызко-турецкой комиссии по торгово-экономическому сотрудничеству в Анкаре
Девятое заседание Межправительственной кыргызко-турецкой комиссии по торгово-экономическому сотрудничеству в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын борбору Анкара шаарында өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө кыргыз тарап бир нече долбоорлорду сунуштады.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргыз тарап Түркияга Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо үчүн лаборатория түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын жана Түркиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда кыргыз-түрк бизнес-форумунда бир нече документтерге кол коюлду
Анкарада соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйыны өттү. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты.

Жолугушуунун соңунда комиссиянын жыйынынын протоколуна жана экономикалык кызматташуу боюнча иш-аракеттер планына кол коюлду. Ал соода, саламаттык сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүгө багытталган.

"Түрк тарап менен кошумча сүйлөшүүлөр учурунда бажы өткөрмө жайларын модернизациялоо, Кыргызстанда ДНКнын толук геномдук анализи, ошондой эле трансплантология үчүн зарыл болгон HLA, Cross Match жана PRA ткандык шайкеш келүүчү лаборатория ачуу боюнча маанилүү пунктулар киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, өнөр жай, кен иштетүү, эмгек жана социалдык коргоо, финансы, банк иши, маданият, туризм, транспорт байланышы тармактарындагы маселелер дагы талкууланган.

Андан сырткары, тараптар 2020-жылдын жайында Ысык-Көлдүн жээгинде кыргыз-түрк ири бизнес-форумун уюштурууну пландашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0