Операциядан соң эсине келген жигит акылынан айнып... Хирургдун баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековМикрохирург и пластический хирург Султан Тукешов
Микрохирург и пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Териси сыйрылып калган колун сактап калуу үчүн микрохирург Тукешов 20 саат операция бөлүмүндө тикесинен тик турган. Бир аптадан кийин бейтаптын абалы жакшырганы менен алган жарааты анын акыл-эсине да залакасын тийгизген...

Микрохирург жана пластикалык хирург Султан Тукешов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына өз тажрыйбасындагы эң оор жана кызыктуу учурлардан учкай кеп салып берди.

— Улуттук госпиталдын пластикалык кайра калыбына келтирүүчү (реконструктивдик) микрохирургия жана киста хирургиясы бөлүмүндө бир топ жыл эмгектендим. Ушул тапта негизги ишмердигим пластикалык хирургия экенине карабастан, мамлекеттик ооруканада микрохирургиялык операцияларды жасоону дагы да улантып келем. Айлык үчүн эмес, арзыбаган маяна төлөнөт да андай жерде, мекен алдындагы вазыйпамды аткарайын дегеним.

Кыргызстандагы пластикалык операциялардын жана косметологиялык процедуралардын рейтинги  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда суроо-талап күч пластикалык операциялардын рейтинги
Көп татаал операцияларды жасоого туура келди. Бишкектик бир киши үйлөнгөндөн бир нече айдан кийин бармагынан ажырайт. Кырсыктын чоо-жайын билбейм, өзүнүн айтымында, жүк ташуучу унаадан секиргенде нике шакеги машинанын бортуна илинип калыптыр... Медиктердин тили менен аны "мээлей тибиндеги бармакты ампутациялоо" деп айтылат: бармак тарамыштын деңгээлинде үзүлүп калып, колунун бүт териси сыйрылып калат. Бейтап бармагын жоолукка ороп алып келди, териси сыйрылгандыктан, бүт анатомиялык түзүлүшү даана көрүнүп калган.

20 саат бармагын калыбына келтирүү үчүн алпуруштук, 15 саат мен операция жасадым, анан башка хирург улантты. Натыйжада, бармагы кыймылга келди, бирок, тилекке каршы, үч күндөн кийин ал бармакты кесип салууга аргасыз болдук, себеби, жарааты аябай оор эле, тамырларында кан уюп калган. Бирок биз, врачтар, колубуздан келишинче жан үрөдүк.

Башка бир жигиттин колунун терисин өндүрүш аппараты сыйрып кетиптир, чыканагынан манжаларынын учуна чейин териси жок. Кан көп кетип, бейтап оор абалда эле. Анын дагы операциясы 20 саатка созулган. Эртеси бейтаптынабалы аябай начарлап кетти, аз жерден жоготуп ала жаздадык. Комадан чыгардык, бирок бир жумадан соң эсине келгенде анын денесине гана эмес, жараатынан улам акылына да доо кеткенин байкадык. Дарыгерлерге, бейтаптарга атырылып эсибизди оодарды... 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаТериси сыйрылып калган колун сактап калуу үчүн микрохирург Тукешов 20 саат операция бөлүмүндө тикесинен тик турган
Операциядан соң эсине келген жигит акылынан айнып... Хирургдун баяны - Sputnik Кыргызстан
Териси сыйрылып калган колун сактап калуу үчүн микрохирург Тукешов 20 саат операция бөлүмүндө тикесинен тик турган

— Ал киши эмне болду анан?

— Дарыгерлер бейтаптын психикалык абалын жакшырта алышты, бирок колу 70 пайыз гана иштей турган болуп калды.

— Соңку убакта кымча бел кылуучу операциялар кеңири тарап барат. Кыздардын кабыргаларын сындырып, анан сөөк туура өсүшү үчүн болоттон жасалган корсет кийгиздиришет экен. Бул канчалык коопсуз операция?

Пластический хирург Айнура Сарыбаева - Sputnik Кыргызстан
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны
— Кепти мындан баштайын, кандай гана хирургиялык операция болбосун анын кооптуулугу бар. Мурда кымча бел кылуу үчүн денеден болушунча кесип салышчу. Операциядан кийин тигиштерден тырыктар калчу, бейтаптын тыңып кетиши да узакка созулчу. Андай операциянын кесепетинен бейтап пиелонефрит жана омуртка дарттарына кабылар эле.

Сиз атаган жарааты азыраак ыкманы москвалык хирург ойлоп тапкан. Анда сөөк алынбастан эле кымча бел кыла алат. Кабырганы сындырып, алар бүтүп, жакшы болуп калганча атайын корсет кийгизилет. Операция жасатууга белсенген айымдардын ден соолугуна дарыгерлер узакка көз салат, алардын ар кандай абалдагы, маселен, кош бойлуу маалындагы саламаттыгы текшерилет. Бирок андай операция жасаган врачтар коопсуз экенин айтып жүрүшөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТукешов: Биздин өлкөдө кеңири таралган түрү — блефаропластика. Мырзалар дал ушун операцияны көп жасатышат.
Операциядан соң эсине келген жигит акылынан айнып... Хирургдун баяны - Sputnik Кыргызстан
Тукешов: Биздин өлкөдө кеңири таралган түрү — блефаропластика. Мырзалар дал ушун операцияны көп жасатышат.

— Пластикалык операция жасоого күйөөлөрү мажбурлаган бейтаптарыңыз болгон жок беле?

— Жок. Олуттуу себеби жана өз каалоосу болбогон бейтапка операция жасоого өзүн сыйлаган эч бир адис даап барбайт. Андай кырдаалда хирургдун милдети — баарын операциядан баш тартууга көндүрүү. Бейтап мындай жагдайдан психологиялык травма алышы ыктымал, оор депрессияга кабылышы мүмкүн, андай абалды скальпель менен кесип сала албайсың. Ошентсе да келбетин өзгөрткүсү келген жубайларын эркектер кызуу колдоп, көпчүлүгү операция чыгымдарын да өздөрү төлөп беришет.

— Мырзалардын өздөрүнө да операция жасаган жайыңыз барбы? Алар адатта кандай операцияларды көп жасатышат?

— Биздин өлкөдө кеңири таралган түрү — блефаропластика (сурманын формасын өзгөртүү). Мырзалар дал ушул операцияны көп жасатышат. Ошондой эле отопластика да жасалат, мында кулактын формасы түздөлөт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ПЛАСТИЧЕСКИЙ ХИРУРГ plast.surg (@dr.sultantukeshov)

— Башка хирургдардын каталарын оңдоого туура келеби?

Биопротез управляемая силой мысли разработанная хирургами из Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
— Ташкенттен келген бейтапты операция кылдым, мурда үч ирет жасалып, бирок ийгиликсиз болуп калган экен. Кыргызстанга сурмасын кайра жасатууга атайын келген. Ага дейре Түштүк Корея жана Таиландда жасатыптыр, бирок улам кийинкисинен көңүлү катуу кала берген. Акыркы операция жасалгандан бери аз эле убакыт өттү, натыйжасын айтууга али эрте. Бирок азыркы көрүнүшү бейтапты да, мени да кубантып турат.

Менден сурма жасоо боюнча операцияны кантип баалоого болорун көп сурашат. Операция жасатканы таптакыр байкалбаса — ошол мыктысы.

Жаңылыктар түрмөгү
0