Чүйдөгү үч айлампа жолго жаңы эреже киргизилди

© Sputnik / Эмиль СадыровИзменение правил кольцевого движения в Кыргызстане
Изменение правил кольцевого движения в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык трассада жайгашкан айлампадагы эрежелер Бишкек шаарынын ичиндеги айлампа жолдордой болуп өзгөрдү.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Чүй облусундагы айлампа жолдордун дагы үчөөндө эреже өзгөртүлдү. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын аймактык бөлүмү билдирди.

Ага ылайык, айлампадан тегеренип өтүп жаткан автоунааларга жол бошотулушу керек. Ушундай эле эреже Бишкек шаарындагы айлампаларда колдонулат.

"Мындай эрежелер Токмоктогу Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун айлампасына, ГЭС-5 аймагындагы айлампага (Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 13-чакырымы) жана Алматы — Бишкек — Ташкент (Маевка айлампасы) жолунун 238-чакырымына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Жакында Кара-Балтадагы айлампа жолдорго дагы ушундай эреже ишке киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0