06:21 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6796
  • EUR103.3811
  • RUB1.1525
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2976 0 0

Дароо белгилей кетиш керек, Эсен Усубалиев борбор калаанын көчөсүнө жана районуна чоң атасы Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылышына караманча каршы. Андан көрө жаңы бир нерсе куруп, ошол объектиге Усубалиевдин аты берилгени дурус деп эсептейт.

Турдакун Усубалиевди "биздин прораб" деп коюшчу. Ал Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, 1961-жылдан 1985-жылга чейин бийликте турган. Ошол убак туурасында көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул чакан тасманы көрсөңүз болот.

Биздин редакцияга мамлекеттик ишмердин небереси Эсен Усубалиев баш бакты. Ал республикадагы эң таасирдүү инсандын тууганы болуунун жүк-жоопкерчилиги кандай экенин айтып берди.

— Азыр кыргыз коому бай жана белгилүү үй-бүлөлөрдүн балдары жасаган жорук-жосундардан кээде селт этип алат. Совет учурунда кандай болчу? Ал кезде "алтын жаштардын" өкүлдөрү кандай турмуш кечиришчү эле?

— Ал убакта баары алда канча жеңил болчу. Кичинемден "элден өзгөчөлөнбө" деп кулагыма куюшкан. Өзүм деле башкалардан айырмалангым келчү эмес. Анда "алтын жаштар" башкалардай эле жашашчу, болгону кийими жакшыраак болгондур, үйлөрүндө магнитофон, ыр жазылган кассеталар турчу.

Эч качан кооз ресторандарда чогулчу эмес, биринин үйүндө чогулуп кече өткөрүшчү. Эгер кай бири ата-энесинин кызматынан улам керсейип бой көтөрө баштаса, коомчулук аны дароо бөлүп салчу. Андайлар жек көрүндү болуп калаар эле. 

Директор Общественного фонда Турдакуна Усубалиева, внук политического деятеля Эсен Усубалиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Биздин редакцияга мамлекеттик ишмердин небереси Эсен Усубалиев баш бакты. Ал республикадагы эң таасирдүү инсандын тууганы болуунун жүк-жоопкерчилиги кандай экенин айтып берди.

— Турдакун Усубалиевдин небереси болуунун жүгүн сездиңиз беле?

— Жеңил да, татаал да болду. Кайсы бир жылдары биздин үй-бүлөнү ачык куугунтукка ала башташкан. Чоң атам менен Горбачевдун мамилеси ал киши КПСС БКнын башкы катчысы болгонго чейин эле бузулган экен. Анда Горбачев бүткүл Советтер Союзу боюнча айыл чарба тармагына жооп берчү.

Чоң атамдын жазганы бар, Горбачев Кыргызстанга тиешелүү бардык өтүнүчтөрдү көз жаздымда калтырган. Турдакун Усубалиевичтин айтымында, ал мурдунун учунан алысты көрө билбеген, көйгөйдү терең кароого кызыкпаган киши болгон экен. Андай учурларда чоң атам бардык маселелерди жогорку жетекчилик менен чечет, а бул албетте, Горбачевдун нааразычылыгын жаратпай койгон эмес.

© Sputnik / Даниил Сулайманов
Ал КПСС БКнын Башкы катчысы болгондо куугунтук, негизсиз айыптоолор башталган. Бир учур жадымда калды, 2-класста окучумун, мектептин завучу мени эл душманы атаган.

Кээде ооруканада менин Усубалиевдин небереси экенимди билип калышканда кайсы бир процедураларды жасоодон баш тартышчу. Адамдар ошол убактагы кичинекей балага чоң атам тууралуу пикирлерин бүт айтып калууга аракет кылышчу. Андай мамиленин баарын көрдүм, кийин маани деле бербей калгам. 90-жылдарга жакын кодулоолор тынчыды.

— Азыр өлкөдө "майлуу кызмат орундары бар" экенин элдин баары билет. Адам ал кызматта бир-эки жыл иштеп, заңгыраган хан сарай куруп, ал тургай, доллар менен ченелген миллионер болуп чыга келет. Чоң атаңыз өлкөнү чейрек кылым башкарган. Көп байлык топтой алыптырбы?

— Биздин үй-бүлөнүн чоң бизнеси жок, чет жерде оффшордук эсептери жок. Чоң атам өмүр бою резиденциядагы бир кабат үйдө жашады. Китептерге толо чоң-чоң шкафтар коюлган жупуну там.

Чындыгында чоң атам эч качан байлыкка кызыккан эмес. Мисалы, тамакка да абдан үнөмдүү болчу. Эгер табагындагы тамакты ичип бүтө албасын билсе, уулун же небересин чакырып, түгөтүп кой деп берчү. Абдан сарамжалдуу киши эле. Бут кийимди гана дайым буюртма менен тиктирчү. Анын бут кетмени бийик болгондуктан, кадыресе бут кийимдер ага ыңгайсыз болчу экен. Ошол ботинкалары азыркыга чейин сакталган, совет маалында сапаттуу тигишчү тура.

Тек гана өз чыгармачылыгында аябай бай болгон. Ал 11 мемуар жыйнагын жана 40тан ашык китеп жазып калтырган.  Мурасы ушул.

— Турдакун Усубалиевдин ысымын бүтүндөй районго, атүгүл шаарга да ыйгаруу демилгеси жаңырды...

— Турдакун Усубалиев өзү өлкөдөгү аталыштардын алмаштырылышына караманча каршы болчу. Андай демилге калкка да жакпаса керек. Андан көрө жаңы бир нерсе кургула, ошол Турдакун Усубалиевге эстелик болуп берет. 

Директор Общественного фонда Турдакуна Усубалиева, внук политического деятеля Эсен Усубалиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Усубалиев: кайсы бир жылдары биздин үй-бүлөнү ачык куугунтукка ала башташкан. Чоң атам менен Горбачевдун мамилеси ал киши КПСС БКнын башкы катчысы болгонго чейин эле бузулган экен

— Бишкектин чок ортосундагы мрамордон жасалган бир топ имараттарды, борбордук аянт, жер өтмөктөр Усубалиевдин тушунда курулуптур.

— Мунун өз тарыхы бар. 60-жылдары чоң атам Африкага барган экен, ал жакка Италия аркылуу учат. Учактын терезесинен көк асман менен укмуштай кооз айкалышкан Корсиканын аппак имараттарына көзү түшөт. Чоң атам Кыргызстан мраморго бай экенинен кабардар да, анан имараттарды ошол аппак таштар менен кооздоого эмнеге болбосун деген ой келет.

Кийинчерээк эскерүүлөрүндө ал туурасында кеп козгоп, бул жакшы ой экенине жетекчиликти ынандыруу бир топ оорго турганын айтат. Баары бир мрамор бир топ эле кымбат оокат эмеспи. Ошондо Турдакун Усубалиевич Рим калаасын мисалга келтирген, ал шаарда байыркы имараттардын бир тобу дал ушул мрамор менен шыбалган, ал кылымдар бою сакталып келе жатканын жүйө катары айткан. Кийинчерээк чоң атамды союздун бир топ акчасын турак жайлардын курулушуна эмес, Бишкектин борборуна гана короткон деп сындап чыгышкан. Бирок анын Фрунзеде турак үйлөрдүн курулушуна чектөө киргизүү планы болгон.

Турдакун Усубалиев Фрунзени өлкөнүн саясий жана маданий борбору катары калтырып, Кыргызстандын башка шаарларын өнүктүрүүгө ниеттенген. Менимче, ал Вашингтондун тажрыйбасын пайдалангысы келген көрүнөт. Дагы иштеп турганда Бишкектеги азыркыдай курулуш дүрбөлөңүн көрбөйт элек, инвестициялардын баары Кант, Токмок, Жалал-Абад, Ош шаарларына курулуш үчүн багытталмак.

— Бир өзгөчөлүктү байкадым: бийликтегилердин бири дагы калк арасында колдоого алынбаган, бирок пайдасы кийин билине турган кадамдарга баргысы келбейт экен. Коом козголо баштаары менен оңтойсуз мыйзам долбоорун дароо четке кагышат. Сиздин чоң атаңызга татаал чечимдерди кабылдоого туура келген. Маселен, Токтогул суу сактагычын куруу үчүн суу алдында кала турган аймактардан 18 миң киши көчүрүлгөн. Ал тургай, 10 миң сөөк коюлган көрүстөндү да бөлөк жерге которушкан.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
— Албетте, бул чечими үчүн да аны бир топ сынга алышкан, ошол татаалдыктар өлкөгө пайда алып келген жокпу? Ооба, эл жер которду, көрүстөн суу алдында калды, бирок Токтогул ГЭСи иштеп жатат, өлкөгө пайда келтирүүдө.

Баарынан да калктын нааразы болушуна себеп аз эле. Эл мамлекет аларга кам көрүп жатканын түшүнгөн. Баары жаңы үйлүү болушкан, компенсация алышкан, аларды таштап коюшпасын билишкен. Азыр кыргызстандыктардын андай ишеними жок.

— Токтогул гидро электр станциясы болбой да калмак. Башында көмүр жагылчу жылуулук электр борборун куруу пландалган тура.

— Чоң атамдын эскерүүлөрүндө ал бийликке келери менен гидроэнергетика боюнча адистер ага республиканы электрлештирүү планын сунушташканын жазган. Эң башта чындап эле Нарын облусунда кубаттуу жылуулук электр борборун куруу белгиленген.

Чоң атам аймактын өзгөчөлүктөрүн билбестен, адегенде бул демилгени колдогонун моюнга алат. Кийин бир нече жылуулук электр борборун кыдырып чыккан соң андай ЖЭБден чыккан түтүн экологияга оор залака тийгизерин түшүнгөн. Электрлештирүү планын өзгөртүү керектигин айтып Москваны көндүрө алган. Соңунда Токтогул ГЭСин куруу чечими кабыл алынган. 

Кандидат исторических наук, директор аналитического цента Разумные Решения Эсен Усубалиев. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эсен Усубалиев: Турдакун Усубалиев өзү өлкөдөгү аталыштардын алмаштырылышына караманча каршы болчу. Андай демилге калкка да жакпаса керек.

— Өлкөнүн булуң-бурчун көп кыдырдым, анан урандыларды көрдүм: Усубалиевдин жетекчилиги менен курулган ири заводдордон калдык гана калган. СССР ыдыраган соң республиканын экономикасы да солгундай баштаган.

— Бул абдан катуу сокку болгон. Канчалаган жылдар бою түптөлгөн өндүрүштүк потенциалдын кыйрашына көз салуу кандай азап экенин элестетип көргүлө. Баары уурдалып, тонолуп, жок кылынып, болбогон нерсеге айланып калды.

Усубалиев заводдордун менчик колго өтүшүнө каршы болуп келген. Анын түшүнүгүндө бул таптакыр жат нерсе эле. Ал адистердин сыртка кетиши, улуттук маселе боюнча санаа тарткан. Дал чоң атам орус тилине мамлекеттик макам берүүнү биринчилерден болуп колдоп чыккан. Ал үчүн да улутчулдар тарабынан катуу сынга кабылган, бирок баары бир бул жобо Баш мыйзамга кирген.

Ошол кезде жалгыз калганында чоң атам өлкөдө болуп жаткан нерселер жаатында катуу-катуу сүйлөнүп алчу. Парламентке да өлкөнү талап-тоноону токтотуу үчүн аттанган. Тилекке каршы, күчтөр тең эмес эле.

— Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосундагы мамиле жөнөкөй эмес эле дешет...

 Чолпон-Ата шаарындагы Рух Ордо комплексине Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду.
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской области
— Ооба, ал тургай чоң атамдын "Чыңгыз Айтматов менен 25 жыл" деген макаласы да бар. Аларды дайым достук мамиле бириктирген, чоң атам аны колдоп, дүйнөлүк адабияттын жылдызы катары таанытчу.

Чыңгыз Төрөкулович дайым биздин үйдө өз киши болчу, көп келип-кетип турчу. Бирок бир жолкусунда аябай таң калган элем. Чыңгыз Айтматов биздикине келди да, бут кийимин да чечпестен: "Турдакун Усубалиевичке берип койгула",- деп бир конверт сунуп кетип калды. Конвертте съезддин чечими экен. Чоң атам отставкага кеткен кези эле, кезексиз пленумга чогулушат, бирок аны чакырышпайт. Ал жыйында Турдакун Усубалиевичтин дарегине бир топ жагымсыз сөздөр жаңырат, арасында андай кепти Чыңгыз Төрөкулович да айткан экен.

Чоң атама бул абдан катуу тийген. Ошентсе да кийин алар көп баарлашышты, достошуп да жүрүштү десек болот. Алардын өзгөчө бир мамилеси бар эле.

— Турдакун Усубалиевичти эмнеге айыпташыптыр?

— Чындыгында күнөөлөөгө илинчек да болгон эмес. Ошол маалда экономиканын, өндүрүштүн көрсөткүчтөрү жогору болчу. Айрымдар чоң атамды Нарын облусунан чыккан туугандарын жогорку кызматтарга коюп жатат деп жердешчилдикке айыпташты. Текшерүү жүрүп, жыйынтыгы аны төгүндөдү.

Жердешчилдикке жол бербөө үчүн мындай тажрыйба пайдаланылган: түндүк аймагынын тургундарын өлкөнүн түштүк жагына, ал эми түштүк аймагынан түндүккө иштөөгө жөнөтүлгөн. Усубалиевдин тегине тиешеси болгондордун баары түштүк аймактарда иштешкен. Бул өтө кыраакы кадам болгон.

СССРде жердештик болгон күндө да жергиликтүү деңгээлде гана байкалса керек, азыркыдай аша чапкан абалга жетпегени айкын. Андай көрүнүш үчүн ошол заманда кызматтан алып коюшмак.

Ойдон чыгарылган ошол айыптоолордун айынан чоң атамдын партиялык билеттен ажыраганы өкүнткөн. Төрт жыл өткөндөн кийин гана айыптардын бардыгы негизсиз деп табылып, билетин кайтарып беришкен. Чоң атам өмүрүнүн соңуна (Турдакун Усубалиев 2015-жылы каза болгон) чейин коммунист бойдон калды. 

Т.У.Усубалиев с букетом
Предоставлено Центральным Госархивом КР
Эсен Усубалиев: чоң атамдын эскерүүлөрүндө ал бийликке келери менен гидроэнергетика боюнча адистер ага республиканы электрлештирүү планын сунушташканын жазган. Эң башта чындап эле Нарын облусунда кубаттуу жылуулук электр борборун куруу белгиленген.

— Чоң атаңыз ашып-ташкан байлык калтырбаптыр. Исхак Раззаков жана совет убагындагы мамлекеттик ишмерлердин тобу туурасында да ошондой пикир айтууга болот. Эмнеликтен заманыбызда бийлик дегенде акча дароо ойго келет? Ошол мурдагы убакта эмнеге адамдар мамлекеттик казынадан кертип алууга ашыгышкан эмес?

— Жогорку бийликтин өкүлдөрү ал убакта кандайдыр байлык топтоого тыюу салынчу. Ал үчүн соттолуп да кетишмек!

— Азыр деле бул жагдай соттолчу иш!

— Совет маалында жашоого көз караш башкача эле. Мамлекет сага кам көрөрүнө ишенсең, байлык топтоонун кереги не? Пенсияга чыккандарында татыктуу камсыздоо болорун, жылына бир ирет үй-бүлөң менен Кара деңиз же Ысык-Көлдө эс алып келүүгө болорун баары билишкен.

Ошол заманда заңгыраган эки кабат үй же жеке учак адамдардын үч уктаса түшүнө кирчү эмес да! Ар бир жетекчи партия менен элдин алдында чоң жоопкерчилик алган. Азыр аткаминерлер Кудай алдында жооп берерине ишенишет. Бирок алардын жүрүм-турумуна карасак, Кудай менен кандайдыр жеке мамилеси бар сымал...

Токтобек-Сай аталган кыргыз кыштагынын өзгөчө баянына сөзсүз бир көз жүгүртүп чыгыңыз. Токтогул суу сактагычын курууда бул айыл да суу алдында калмак, бирок обочо жайгашса да сакталып калган.

 

Тема боюнча

Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты
Белгилер:
акча, бийлик, мамлекет, Михаил Горбачев, жетекчилик, СССР, Турдакун Усубалиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ