Аялым мурдагы жигитин күтүп төрөбөй жүрүптүр. Ызаланган эркектин каты

CC0 / pixabay / kaboompicsОфисте иштеп жаткан кыз. Архив
Офисте иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасында жубайына алданып, ызага батып жүргөн жигиттин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Мага психологдун жардамы керек, абалым аябай оор. Туптуура 10 жыл мурда таякемдин үйлөнүү тоюнда Адель (аты өзгөртүлдү — ред.) аттуу сулуу кыз менен тааныштым. Жаңы келген жеңемдин сиңдиси экен. Жаштар ырдап, тамаданын сынактарына бирге катышып жүрүп, бир нече сааттын ичинде жакындай түштүк. Чырайы, шайыр мүнөзү, ачыктыгы аябай жакты. Көп өтпөй эле экөөбүз кыз-жигит болуп, ата-энелерибиз да аябай колдошту. Көргөн-билген жердин кызы экенине сүйүнүп, бир нече айдан кийин үйлөнтүп коюшту.

Психологго кайрылган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Турмушка чыгайын десем уулум каршы болууда... Аялдын каты
Жыл айланып уулдуу болдук. Азыр ал тогуз жашта. Бирге чыгары менен келинчегим жумушка чыкты. Баланы апам менен кайненем алмак-салмак карап берчү. Адель кесиби боюнча юрист, Бишкектеги жеке компаниялардын биринде иштейт. Жумушун абдан жакшы көрүп, андан ырахат алат. Иш барда иштеп алайын деп жүрүп, балабыз бешке чыкты. Анысына мен деле каршы болгон жокмун. Бирок жашы 30га чукулдай баштаганда эжелерибиз, жеңелерибиз "убакыт өтүп баратат, төрөп алсаңчы" дегенин көп уга баштадым. "Чын эле экинчи балалуу болсок кантет?" десем, көңүлдөнгөн жок.

Туптуура бир жылдан кийин бул маселени дагы бир жолу козгодум. Таңкалычтуусу — Адель мен "тамак ичип келбейлиби?" деген сыяктуу эч эмоциясыз "макул" деп койду. Андан бери эки-үч жыл өттү. Дагы деле балалуу боло элекпиз. Орто жерден өзү дарыгерге көрүнүп жатам, дарыланыш керек экен деп айтып жүрдү.

Өткөндө капысынан эле телефонунан WhatsApp аркылуу бирөө менен жазышканын окуп калдым. Кыскасы, ал аялымдын мурдагы жигити экен. Экөөбүз таанышканга бир нече ай калганда чет өлкөгө окууга кетип, ошол бойдон иштеп калып калыптыр. Жашы отуздан ашып кетсе дагы үйлөнө элек экен. Байкашымча экөө 2-3 айдан бери сүйлөшүп жаткан окшойт. Жазгандарын окуп алып, бирөө мени таш менен башка бир койгондой эле болдум. Көргөн көзүмө ишене алган жокмун. Анткени ал жакта менин жубайым таптакыр башка адам экен. Мурдагы жигитине дагы деле аны күтүп жатканын, ошол үчүн атайын төрөбөй жүргөнүн жазыптыр. Ал эми мага ага таарынып калган учурда күйөөгө тийип алганын, уулубуз капысынан эле боюна бүтүп калганын айтыптыр. Бул эмне деген шумдук? Үй-бүлөсүн, өмүрүнүн акыркы 10 жылдык бөлүгүн ушинтип эле бир заматта жокко чыгарып коё алабы? Ушунчалык жеңил ойлуубу, же мурдагы жигитине болгон сүйүүсү ушунчалык күчтүүбү? Мени эмнеге алдап жүрдү? Кантип айланадагыларга ушунчалык бактылуу көрүндү? Иши кылып башымда суроолор толтура. Чынын айтсам, азыр жашагым деле келбей калды, эч нерсеге көңүлүм тартпайт. Жада калса тамактын даамын билбей калчу болдум.

Өзү менен ачык сүйлөшөйүн дейм, оозум барбайт. Корком, эмнеден экенин билбейм. Балким, аны жоготуп алсам эмне кылам деп ойлоп жатат окшойм. Мен аны сүйөм, ортодо уулубуз бар. Бирок жанагы нерсесин көргөндөн кийин кантип чогуу жашайм? Бул жөнүндө азыр эч кимге айта элекмин. Айтканда эмне... Эртең эле экөөбүз тил табышып, жакшынакай жашап кетсек, кеп-сөз болот да. Бирок мен аны кечире аламбы? Жашообуз кайра мурункудай нукка түшөбү?

Перизат Калмаматова, психолог:

Майып адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялымды ыраазы кылгым келет, бирок кантип... Майып эркектин каты
— Урматтуу автор, жан дүйнөңүз өтө кыйналып турган экен. Албетте, эң жакын адамдын чыккынчылыгы жан кейитпей койбойт. Жок, мен бул сөзүм менен жубайыңыз сизди алдады, сатып кетти деп айтуудан алысмын. Чыккынчылык деген сөздү сиз азыр кырдаалды ушундай баалап жаткан үчүн гана айттым.

Ал эми чындыгында жубайыңыз менен эмне болуп жатканын, анын жазганында канчалык чындык бар экенин билүү үчүн өзү менен ачык сүйлөшүүңүз керек. Психологиялык көз караш менен караганда, бул жерде кеп сизде дагы, жубайыңыз сүйлөшүп жаткан адамда дагы эмес. Кеп сиздин жубайыңыздын жан дүйнөсүндө, анын абалында. Балким, ал адам экөө ысык мамиледе жүргөн кезде таарынтып кетип калгандыр. Айрым кишилердин жан дүйнөсүндө жаш кезинде жетпей калган нерсеге өзү билип-билбей өксүк кыла берет.

Дагы бир ирет кайталап коёюн, жубайыңыздын жазганында канчалык чындык бар экенин өзүнөн башка эч ким айта албайт сизге. Андыктан белди бекем бууп, чечкиндүү болуңуз. Аны кечирүү, болгонун болгондой кабыл алуу же ажырашуу маселеси ошондон кийин гана коюлушу керек. Анткени биз азыр толук картинаны билбейбиз. Психологдун сизге жардамы керекпи же жокпу деген суроо дагы экөөңөрдүн диалогдон кийин чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0