Автоунаа алып жатканда абайлаңыз! Министрликтин кайрылуусу

Жазылуу
2020-жылдын башынан тарта Кыргызстанга автоунааны алып кирип жаткандагы бажы төлөмдөрү кымбаттай турганы күтүлүп жаткан чак. Кеп ЕАЭБдин өлкөлөрүнөн сырткаркы аймактан келген темир тулпарлар туурасында болууда.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарды ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн келген автоунааларды сатып алууда азыркы бажылык төлөм бааларын эске алып, сак болууга, көңүл коюп кароого чакырды.

Эске салсак, ЕЭК Кыргызстандын ичине автоунааларды ташып кирүүдө бажы төлөмдөрү боюнча каралган жеңилдикти узартуу боюнча өкмөттүн сунушун колдогон эмес. 2020-жылдын 1-январынан тарта бул жааттагы тариф байкалаарлык өсө турганы маалым.

"Автоунааны азыркы тариф менен алып келип берем деген ишкерлер тобокелдикке барып жатат. Техника ташып келгендердин арасында алдамчылар болушу мүмкүн. Андыктан элге эскерте кетерибиз — чет жактан автоунаа алып келип берем деген компаниялардын тарых-таржымалына көңүл буруп карап, иликтеп, текшерип алуу керек", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

Тагыраагы, бул жерде кеп Евразиядан сырткаркы аймактардагы автоунаалар жөнүндө болуп жатат. Милициядан эгерде автокөлүк алып келип берем деп, бирок андан шектенип жатсаңыз, дароо 102 номерине чалуу керектигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0