Жатаканалардагы жашоо-шарт жакшыртылмай болду. Министрдин буйругу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБөлмө. Архив
Бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буйрукта коопсуздукту камсыздоо, окуу, эс алуу бөлмөлөрүндөгү шартты жакшыртуу, тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды түзүү боюнча айтылган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жатаканаларындагы студенттердин жашоо-шартын жакшыртуу аракеттери башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бул боюнча буйрук чыгарган.

"Буйрукка ылайык, ар бир окуу жайдын жетекчилери бир жумалык мөөнөттө жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жатаканаларындагы жашоо-шартты текшерип, 1-декабрга чейин инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча планын бекитиши зарыл", — деп айтылган.

Зимняя сессия в Грозненском нефтяном институте - Sputnik Кыргызстан
Студенттер окуу жайдагы "баш оорудан" кутулат. Министрликтин убадасы
Анда жатаканалардын имараттарын капиталдык, утурумдук оңдоо, ал жайлардагы жашоо коопсуздугун камсыздоо, окуу жана эс алуу бөлмөлөрүндөгү шартты жакшыртуу, тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды камсыздоо сыяктуу бир топ маселелер каралган.

Мындан сырткары, студенттерди акысыз WI-FI менен камсыздоо жагы каралышы абзел экенин, жатаканада жашаган студенттер үчүн медициналык тейлөөнү камсыздоо тууралуу да айтылган.

Буйруктун негизинде окуу жайлардын жетекчилери жатакана шартын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу Кесиптик билим берүү башкармалыгына маалымат берип турууга милдеттендирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0