11:01 21 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7130
  • EUR77.3082
  • RUB1.1342
Коом
Кыскача шилтеме алуу
92 0 0

Буйрукта коопсуздукту камсыздоо, окуу, эс алуу бөлмөлөрүндөгү шартты жакшыртуу, тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды түзүү боюнча айтылган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жатаканаларындагы студенттердин жашоо-шартын жакшыртуу аракеттери башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бул боюнча буйрук чыгарган.

"Буйрукка ылайык, ар бир окуу жайдын жетекчилери бир жумалык мөөнөттө жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жатаканаларындагы жашоо-шартты текшерип, 1-декабрга чейин инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча планын бекитиши зарыл", — деп айтылган.

Анда жатаканалардын имараттарын капиталдык, утурумдук оңдоо, ал жайлардагы жашоо коопсуздугун камсыздоо, окуу жана эс алуу бөлмөлөрүндөгү шартты жакшыртуу, тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды камсыздоо сыяктуу бир топ маселелер каралган.

Мындан сырткары, студенттерди акысыз WI-FI менен камсыздоо жагы каралышы абзел экенин, жатаканада жашаган студенттер үчүн медициналык тейлөөнү камсыздоо тууралуу да айтылган.

Буйруктун негизинде окуу жайлардын жетекчилери жатакана шартын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу Кесиптик билим берүү башкармалыгына маалымат берип турууга милдеттендирилген.

Тема боюнча

Гонконгдогу башаламандыктан улам 30дай кыргызстандык студент кайтып келди
Акматова: чет өлкөгө барып сапаттуу билим алып келүү биз ойлогондон да жеңил
Белгилер:
шарт, жатакана, Каныбек Исаков, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ