Өкмөттүн сайты жаңыланды. Кандай артыкчылыктары бар?

© SputnikОбновленный сайт Правительства Кыргызстана
Обновленный сайт Правительства Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайт жаңы технологияларды пайдалануу менен контентти башкаруунун уникалдуу тутумунда иштелип чыккан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн жаңыланган расмий сайты бир катар жаңы өзгөчөлүктөргө ээ болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн жаңы расмий сайты аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында иштелип чыкты.

Сайт бир катар өзгөчөлүктөрдү камтып, тез шилтемелер берилген.

Алар:

  • мамлекеттик органдарга жарандардын кайрылууларынын электрондук порталына;
  • электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталына;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын расмий сайттарына;
  • "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара иштешүү тутумуна.

Мындан тышкары, инвестицияларды тартуу жана туризмди өнүктүрүү багытында иштеген эл аралык уюмдардын, мамлекеттик жана коомдук институттардын расмий сайттарына шилтемелер көрсөтүлгөн.

"Ошондой эле "электрондук аймак" бөлүгү жаңы киргизилди. Белгилей кетүүчү нерсе, учурда бөлүм толукталып иштелип жатат. Бөлүмгө өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн аймактар боюнча маалыматтары жайгаштырылат. Жаңы сайттын мүмкүндүктөрү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн расмий сайттары үчүн бирдиктүү платформаны түзөт", — деди Эсенгулов.

Сайт жаңы технологияларды пайдалануу менен контентти башкаруунун уникалдуу тутумунда иштелип чыкты. Бул сөзсүз түрдө сайттын коопсуздугуна жана иштөө жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Мындан тышкары, сайттын жасалгасына өзгөчө көңүл бурулуп, пайдаланууга жөнөкөй жана ыңгайлуу экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0