Кыргызстан алгачкы ирет ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешинин курамына кирди

© AP Photo / Christophe EnaЛоготип Организации Объединенных Наций по вопросам образования, науки и культуры (ЮНЕСКО)
Логотип Организации Объединенных Наций по вопросам образования, науки и культуры (ЮНЕСКО) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми Кыргызстандын өкүлдөрү 2023-жылга чейин дүйнөлүк уюмдун башкаруучу органынын курамында болот. Мындай чечим 20-ноябрда кабыл алынды.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстан биринчи ирет ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешинин курамына шайланды (2019-2023-жылдар). Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Мындай чечим 20-ноябрь күнү уюмдун Парижде өткөн Башкы конференциясынын 40-сессиясынын алкагында өткөн шайлоодо кабыл алынган. Сессияга Кыргызстандын атынан тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков баштаган делегация катышкан.

ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине талапкерлигин койгон Кыргызстан добуш берүүнүн жыйынтыгында Азия-Тынч океан аймагындагы мамлекеттер арасында экинчи орунду ээледи.

Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары
Кыргызстан үчүн 180 мамлекеттин ичинен 157си добуш берген.

ЮНЕСКО — билим берүү, илим жана маданият жаатында иш алып барган БУУнун адистешкен мекемеси. 1992-жылы негизделген. ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңеши уюмдун башкаруучу органы болуп эсептелет. Анын курамына төрт жылга шайланган 58 мамлекет кирет.

2012-2016-жылдар аралыгында Кыргызстан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча мамлекеттер аралык комитетине мүчө болуп шайланган. Ал эми 2017-жылдан бери мамлекет ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча комитети менен Коммуникацияны өнүктүрүү эл аралык программасы боюнча өкмөттөр аралык кеңешине мүчө.

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурастары боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан кирген жайлар:

  • Сулайман-Тоо (2009-жыл);
  • Жибек Жолу: Тянь-Шань коридорундагы маршрут (Бурана, Ак-Бешим, Красная Речка — 2014-жыл);
  • Батыш Тянь-Шань (Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал — 2016-жыл).
  • Материалдык эмес маданий мурастар:
  • Акындардын искусствосу, манасчылар (2008-жыл);
  • Ала кийиз менен шырдак, кийизден жасалган шырдактарды жасоо искусствосу (2012-жыл);
  • Кыргыз эпикалык трилогиясы: «Манас», «Семетей», «Сейтек» (2013-жыл);
  • Кыргыз-казак боз үйлөрүн тигүү эрежелери (2014-жыл);
  • Айтыш (2015-жыл);
  • Нооруз (2016-жыл);
  • Катырма, жупка (2016-жыл).

Тизмеге ак калпакты дагы киргизүү пландалууда. Маселе ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар комитетинин кезектеги сессиясында (9-14-декабрь, 2019-жыл. Колумбия) каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0