47 гектар жер, трактор, үй... Сооронбай Жээнбековдун байлыгы жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония вручения золотых сертификатов выпускникам 2019 года
Церемония вручения золотых сертификатов выпускникам 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарыяланган декларацияда мамлекет башчынын жана анын жакын туугандарынын кирешеси, мал-мүлкү көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Салык кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылга карата алынган декларациясын жарыялады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Үч үйүр жылкы, 500 кой-эчки. Өкмөт башчы Абылгазиевдин кандай байлыгы бар
Маалыматка караганда, мамлекет башчы бир жылда 902 785 сом иштеп тапкан. Ошондой эле аянты 160 чарчы метрди түзгөн турак жайга жана 94,78 чарчы метрлик курулушка (конструкция) ээлик кылат. Мындан сырткары, МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактору бар.

Жээнбеков жалпы аянты 47,24 гектарга жеткен 22 айыл чарба багытындагы жер тилкесине ээлик кылат. Ага кошумча, үйүнүн алдында дагы 0,06 гектар огороду бар.

Ал эми президенттин жакын туугандары бир жылда 4,2 миллион сом тапканы жазылган. Алар 64 чарчы метрлик батирдин, Lexus 470 автоунаасынын кожоюну. Ошондой эле туугандары жети миллион сомдук бодо мал жана 640 миң сомдук жылкы кармайт. Айыл чарба багытындагы 13 жер тилкени иштетишет. Анын жалпы аянты 24,66 гектарды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0