Гонконгдогу башаламандыктан улам 30дай кыргызстандык студент кайтып келди

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүСотрудники полиции обстреливают антиправительственных демонстрантов слезоточивым газом в Гонконге.
Сотрудники полиции обстреливают антиправительственных демонстрантов слезоточивым газом в Гонконге. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Студенттерди аэропортко чейин алып келүүгө кеткен каражатты Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугунда иштеген кызматкерлер төлөп берген.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Акыркы эки күндө Гонконг шаарынан Кыргызстандын 27 студенти учуп кетти. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандыктар Гонконгдогу Сянган административдик аймагынан каршылык акцияларынан жана башаламандыктан улам чыгып кеткен. Жалпысынан ал жакта кыргызстандык 42 студент окучу. 15-ноябрда үч студенттин учуп келгени кабарланган.

"18инчи жана 19-ноябрда Гонконг — Алматы — Бишкек жана Гонконг — Москва — Бишкек багыты боюнча 27 кыргызстандык учуп келген", — деп айтылат маалыматта.

Государственный флаг Германии - Sputnik Кыргызстан
Германия элчилиги 1-январдан тарта бир нече өлкөгө виза берүүнү токтотот
Студенттерди аэропортко чейин алып келүүгө кеткен каражатты Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугунда иштеген кызматкерлер төлөп берген.

Ал эми калган студенттер Гонконгдон 21-22-ноябрда учуп келет.

Быйыл июнь айында бийлик экстрадиция боюнча мыйзам долбоорун сунуштагандан кийин Гонконгдо массалык башаламандык башталган. Андан бери 3 миң киши кармалып, 1,5 миң киши түрдүү жаракат алган. 400дөн ашык полиция да жабыркаган. Гонконгдун бийлиги мыйзам долбоорун чакыртып алган, бирок каршылык акциялары токтогон эмес.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0