17:17 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Коом
Кыскача шилтеме алуу
125 0 0

Россиянын илимдер академиясынын уставы боюнча дүйнө коомчулугуна таанылган башка мамлекеттердин окумуштуулары мүчө боло алат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын мүчөсү болду. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат.

Ага ылайык, 15-ноябрда Илимдер академиясында жыйын болуп, анда мүчө-корреспонденттер менен чет элдик мүчөлөр кабыл алынган.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Россиянын илимий коомчулугунун катарын чет элдик бир катар окумуштуулар толуктаган. Арасында математиктер, физиктер, программисттер, энергетиктер, химиктер, биологдор жана башкалар бар. Ал эми Жумабеков Илимдер академиясынын медицина илимдери бөлүмүнө травматология жана ортопедия жаатында чет элдик мүчө болгон. Жалпысынан бул бөлүмгө сегиз жаңы мүчө алынган.

Жумабеков Россиянын Илимдер академиясына мүчө болуу ал үчүн сыймык жана жоопкерчилик экенин билдирди.

"Эми мен мурдагыдан дагы көп иштеп, бейтаптарга жеңилдик алып келүү үчүн аракет кылышым керек. Эмгектеримди жогору баалаган Россиянын окумуштууларына рахмат", — деди Жумабеков

Жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу аземи декабрдын башында өтөт.

Медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков көп жылдан бери Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун жетектеп келет. КР Улуттук илимдер академиясынын академиги.

Тема боюнча

Кыргызстандагы эң кымбат 10 операция! Акчасы жана жасала турчу органдар
Көңүл ачам деп шал болуп калгандар көп. Дарыгер Сабыралиев менен маек
Белгилер:
Россия, медицина, Сабырбек Жумабеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ