"Терминатордун" Ысык-Көлдөгү соккусу. Аскерий баяндамачы машыгуулар тууралуу

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүУчения ОДКБ в Таджикистане
Учения ОДКБ в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эдельвейс" полигону Кыргызстан, Россия жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскеринин даярдыгын жогорулатууга, башкача айтканда, эл аралык терроризмге каршы турууга жакшы өбөлгө түзүүдө. Машыгуулар тууралуу аскерий баяндамачы Александр Хроленко кенен айтып бермекчи.

"Кант" биргелешкен аскер базасында "Терминатор" деп аталган Ми-8 көп багыттуу тик учактары "Эдельвейс" полигонунун аймагында шарттуу атаандашына ракеталык сокку уруу боюнча машыкты. Экипаждар издөө иштерин ийгиликтүү аяктап, реактивдүү снаряддар менен соттолгон техника жана душмандын минометтук позициясы болуп турган бутага атып жатышты. Учкучтар керек болсо тоолуу аянтчага конуу боюнча да тапшырманы аткарышты.

Германия-россиялык форумунун илимий директору Александр Рар - Sputnik Кыргызстан
Адис: Европанын доору бүтүп, тизгин Азиянын колуна тийди
"Эдельвейс" полигону деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте Ысык-Көлгө жакын жайгашып, тоолуу жердин шартында ар кандай татаалдыктагы тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Аймактын артыкчылыгы айгине, анткени Советтер Союзунун убагында бул жерде өлкөнүн булуң-бурчунан келген жоокерлер кызмат өтөп кетчү. Бүгүнкү күндө "Эдельвейс" ЖККУ жоокерлери тарабынан террордук түзүлүштөргө каршы турууга машыгуу үчүн жигердүү пайдаланылып келет.

Ушул тапта Кыргызстандын чек арасынан 100 чакырым алыстыктагы Афганистандын аймагында 20дан ашуун террордук топтор бар, бул 50 миңдин тегерегиндеги согушкер дегенди түшүндүрөт. Борбордук Азия өлкөлөрүнө түштүк тараптан баскынчылык аракеттердин ыктымалдуулугу күч. Сентябрда "Центр-2019" стратегиялык машыгуулардын Кыргызстандын катышуусу менен өткөнү бекеринен эмес.

Машыгуулардын майнабы

"Эдельвейс" полигонунда машыгуулар байма-бай өтүп турат. Быйыл ЖККУнун Тез арада аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык окуулары жана ЖККУнун "Гром-2019" деп аталган атайын машыгуулары болуп өттү. "Центр-2019" окуусунун алкагында "Эдельвейсте" Кыргызстан менен Россиянын куралдуу күчтөрү Ак-Сай, Балыкчы жана Кашка-Суудагы калктуу конуштарды басып алмакчы болгон шарттуу террорчулардын аракетине бөгөт койду.

Кыргызстандын тоолуу аймагындагы машыгуулар Борбордук Азия аймагында куралдуу жаңжалды токтотуудагы аракеттерди ыраатка салып, эң башкысы — куралынын эбегейсиз күчү көрүнгөн даярдыкты чагылдырып турат. "Эдельвейсте" машыгуу канчалык көп өтсө, аймактагы абал ошончолук коопсуз болуп турат.

Жамааттык потенциал

Кыргызстандын армиясы чакан, 11 миң аскер кызматкери бар. Аскердик күчү боюнча Global Firepower дүйнөлүк рейтингинде 91-орунда турат. Бирок улуттук армиянын, "Кант" аскер базасынын жана союздаш мамлекеттердин аскердик потенциалын баалабай коюуга болбойт, бул тышкы кооптуулук алдында бирдиктүү сокку урчу чоң күч. Кыргызстан жамааттык коопсуздук системасындагы маанилүү звено, өлкөнүн географиялык жайгашуусу Борбор Азиядагы маанилүү делген транзиттик аймактарды көзөмөлдөөгө жол ачат.

Россиялык аскерлер америкалыктар таштап кеткен Сириядагы аэродромго келди - Sputnik Кыргызстан
Россиялык аскерлер америкалыктар таштап кеткен Сириядагы аэродромго келди
Региондо жайгашкан россиялык аскер базалар РФ менен анын союздаштарынын куралдуу күчтөрүнүн аскерий даярдыгын жана бекемдигин жогорулатат. Мисалы, "Кант" биргелешкен базасы Тез арада аракетке келчү жамааттык күчтүн бир бөлүгү боюнча кала берип, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту камсыздоо үчүн маанилүү куралы болмокчу. Базанын карамагында Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар. "Канттын" милдети — кургактагы армияны абадан коргоо. Мындан тышкары, база зарыл болгон учурда кошумча күчтөрдү аракетке келтирчү маанилүү логистикалык борбордун милдетин да аткарат. Бул — Бишкек менен Москванын узак мөөнөттүү аскерий кызматташуусунун олуттуу бөлүгү, аскердик-стратегиялык пландоонун негизи жана Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик жана экономикалык коопсуздугунун кепилдиги. Маанилүүлүгү жагынан "Кантка" Армения менен Тажикстандагы базалар гана тең келе алат.

Бишкек менен Москванын мамлекеттер аралык мамилеси жана аскердик-техникалык кызматташуусу өнүгүү жолунда. Россия Кыргызстанга курал-жарак жактан байма-бай колдоо көрсөтүп турат. 27-ноябрда да кезектеги жардамын берип, авиациялык техника менен абадан коргонуу каражаттарын тапшырат. Буга чейин Москва Бишкектин 240 миллион долларлык карызын кечип, жыл сайын аскерий объектилердин ижарасы үчүн 4,5 миллион доллар төлөп турат.

Кыргызстан менен Тажикстанда жайгашкан россиялык аскерий объектилер Борбор Азия аймагындагы ушу тапта кооптондурган жана боло турган коркунучтарга ишенимдүү түрдө каршы турууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Су-25 ("Грачи") менен Ми-8 ("Терминатор") Кыргызстан армиясынын колдоосу менен "Эдельвейсте" далай ирет машыгуу өткөрөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0