15:59 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Милиция кызматкеринин документи. Архив

ШИИБ: 60 жаштагы күзөтчүнү сабаган киши милицияда иштеген

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
76710

Шаар милициясынан аталган кишинин изделип жатканы айтылды. Окуя 30-октябрга караган түнү болгон. Таяк жеген күзөтчү катуу жабыркап, ооруканага кайрылууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте 60 жаштагы күзөтчүнү катуу сабап салган киши 2014-жылдын октябрь айынан тарта 2015-жылдын февралына чейин Ош облустук милициясынын Жол кайгуул кызматында иштеген. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматы шектүүнүн аты-жөнүн тактады. Ал 28 жаштагы Мирмухамбет Ишембеков болуп чыкты. Болжолдуу жашаган дарегине барып таппай койгон укук коргоо кызматкерлери шектүүгө издөө жарыялады.

Эскерте кетсек, 30-октябрга караган түнү саат 02:30дар чамасында Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда күзөтчү ур-тепкиге алынган. Жабырлануучу тараптын айтымында, күзөтчү токтоп турган унаанын жанында заара ушатып жаткан жигитке эскертүү берген.

Жабырлануучу эртеси ооруканага кайрылып, факты боюнча иш козголгон.

17-ноябрь күнү социалдык тармакка изделип жаткан адамдын милиция формасын кийип турган сүрөтү жарыяланып, анын укук коргоо органдарында иштеши мүмкүн деген божомолдор айтылган. Милиция аталган фактыны текшерип жатканын билдирген.

Тема боюнча

60 жаштагы күзөтчүнү аеосуз сабаган киши милиционерби? ШИИБдин жообу
Белгилер:
оорукана, күзөтчү, ур-токмокко алуу, шектүү, милиция

ЭҢ МААНИЛҮҮ