Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Марска учуп, Гагарин менен кол алышып... Окуучулар виртуалдуу дүйнө жаратат

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция "Школьникам КР предлагают работу в сфере виртуальной реальности"
Пресс-конференция Школьникам КР предлагают работу в сфере виртуальной реальности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп окуучуларына 3D моделдөө боюнча атайын сабактар өтүлөт. Россиядан келген атайын адистер программалоо боюнча лекция окуп, окуучулар практикалык иштерди жасашат. Арасынан тандалып алынган мыкты долбоорлор "Виртуалдуу" музейге коюлат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин "Виртуалдык реалдуулук күнү" билим берүү долбоорунун алкагында окуучулар өздөрүн программист, дизайнер катары сынай алышат.

Белгилей кетсек, бүгүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык борборунда "Кыргызстанда мектеп окуучуларына виртуалдуу реалдуулук тармагында жумуш сунуш кылып жатышат" аттуу маалымат жыйын өтүп, аталган агенттиктин өкүлдөрү долбоор менен тааныштырышты.

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин өкүлү Наталья Казаеванын айтымында, мында окуучулардан логикалык тапкычтык талап кылынып, көпчүлүк менен иштегенди өздөштүрүшөт.

"Окуучулар виртуалдуу реалдуулук боюнча билимди бат эле өздөштүрүп кетет деп ойлойм. Анткени азыр өспүрүмдөр интернет менен жакындан тааныш, ошондой эле компьютердик оюндарды көп ойношот. Сабак учурунда сүрөт тартып, аларды кыймылдатканды үйрөнүшөт. Бизде даяр долбоорлор бар. Мисалы, атайын көз айнектин жардамы менен Марс планетасына учуп барып, учкуч Юрий Гагарин менен кол алышып саламдашса болот", — деди Казаева.

Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Баланын виртуалдуу дүйнөдөгү коопсуздугун сактоонун 4 жолу аталды
Программалоо боюнча сабактар бүгүн Бишкек шаарындагы "Газпромдун" мектебинде, эртең Ош шаарында өтөт. Ага мугалим, окуучулардан сырткары IT тармагындагы адистер да катышса болот.

Белгилей кетсек, буга чейин "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин адистери Армения, Белоруссия, Казакстан жана Өзбекстандагы мектеп окуучуларына виртуалдуу дүйнө боюнча лекция окушкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0