БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. "Дети у руля" акциясынын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген бала эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткарат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 18-ноябрда, саат 16:00дөн тарта бала министрдин милдетин аткарат.
"Жумуш күнүнүн аягында ал кандай иштер жасалышы керектиги боюнча өзүнүн сунуштарын айтат", — деп айтылат маалыматта.
Аталган акция Балдардын дүйнөлүк күнүнүн алкагында уюштурулуп жатат. Андан сырткары, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгын утурлай өткөрүлүүдө.
Виджет news