Милициянын атайын даярдыктагы полкуна жетекчилер кабыл алынат. Талаптар

Жазылуу
Кенже жетекчиликке изделип жаткан талапкерлер спорт менен машыккан, бою 170 сантиметрден кем эмес жаран болушу керек.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Атайын даярдыктагы "Шумкар" полкуна кенже жетекчилер кабыл алынарын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Талапкерге бир нече талап коюлган:

  • билими ортодон төмөн болбошу керек;
  • курагы 19дан 30 жашка чейин болушу зарыл;
  • мурда соттолбогондор;
  • бою 170 сантиметрден төмөн болбошу шарт;
  • аскердик кызматын бир жыл өтөгөндөр;
  • аскердик кызматын альтернативалуу негизде өтөгөндөр.

Кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Кронштад көчөсү, 17 дарегине же 0312-46-08-26 телефондоруна чалса болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0