Аялдын өң-келбетине күлө көрбө. Тамашалашуу этикети

© AP Photo / David GoldmanЖубайлар. Архив
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомчулук жүргөн ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Юмор — жашоону жеңилдетип, оор кырдаалдан оңой чыгарып кетчү нерсе. Мисалы, эки киши кайым айтышып же тил табыша албай турган учурда бирөө тамаша айтып же жөн гана күлүп ийсе абал дароо жумшара түшөт эмеспи. Негизи эле тамашакөй киши менен убакыт өткөрүүнүн өзү ырахат.

Анткен менен тамашанын дагы чегин билген жакшы. Дегеним, ашынган тамаша менен бирөөнү таарынтып алуу дагы оңой эле. Каскасы, юмор өтө кылдаттыкты талап кылган үлпүлдөк нерсе.

Тамашалашуунун жол-жобосун Sputnik агенттигинин окурмандарына этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Аялды абайлап тамашала

Аял кишиге анын келбети, тулку бою тууралуу тамаша айтаарда жети өлчөп, бир кескен жакшы. Тамаша канчалык күлкүлүү болбосун, аялзаты өз келбети тууралуу кептерди оор кабыл алат. Мисалы, анын туура эмес беолгон каштары же бүкүрөйүп басканы тамашага себеп болбошу керек. Балким ошол маалда унчукпаса дагы кийинки жолугушууда ал сизди "тааныбай" калышы мүмкүн.

Чектен чыкпа

Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ичип алып элдин айласын кетирбе! Күйөрмандын этикети
Аял эле эмес, негизи эле адам баласын тамашалабай турган темалар бар. Мисалы, туткан дини, социалдык абалы жана ден соолугу жөнүндө кеп козгоонун кереги жок. Ушул эле учурда ар бир кишинин өзүнө жагымсыз, жүрөгүн оорутуп жүргөн темалар дагы болот. Мисалы, досуңуздун аялы аны чанып, башка жигитке турмушка чыгып кетти дейли. Албетте, сиз бул нерсенин тегерегинде тамашалай албайсыз. Жок дегенде досуңуздун жарааты айыгып, өзү бул нерсеге жылмаюу менен карап калган учурга чейин чыдашыңыз керек.

Орой жооп бербе

Тамашаны көтөрө билип, ага татыктуу жооп берүү — өзүнчө талант. Эгер дарегиңизге сизге жакпаган тамаша айтылса, ошол жерден тиги кишини беттен алуунун зарылдыгы жок. Өзүңүз эле ыңгайсыз абалда каласыз. Экинчиден, тамашаламыш болуп жиниңизге тийгиси келген адамдын моокумун кандырып коесуз. Андан көрө оор басырыктуу болуп коюңуз. Тамаша орунсуз айтылганын ал адам дагы, тегеректегилер дагы дароо түшүнөт.

Башка бирөөнүн кемчилигине жылмайып гана коюңуз

Көпчүлүк адамдар өз кемчилигин юмор менен жымсалдаганга аракет кылат. Ал үчүн кез келген жерде тилип койгондой бүтүк көздөрү же жалкоолуктун айынан окуусун бүтпөй калганы тууралуу айтып, күлө берет. Бирок сиз да ага кошулуп кетпей, жылмайып гана койгонуңуз жетиштүү. Психологдордун айтымында, элдин көзүнчө өз кемчилигин айтып күлгөн кишилер чындыгында коргонууга аракет кылат. Жалгыз калган учурда, тескерисинче, бул нерселер үчүн ызаланышат.

Социалдык тармакта сак болуңуз

Камыр жайып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайната менен сөз талашпа. Кайын журт менен таанышуу этикети
Азыр жашообуз толугу менен социалдык тармактарга байланган. Байкабай бир нерсени "балп" эттирип алуу оңой эле. Дегеним, бир нерсеге байланыштуу тамаша пикир айтып коесуз. Бирок социалдык тармак үй же кеңсе эмес. Сизди саналуу кишилер угуп, сөзүңүз ошол жерде калып кала бербейт. Интернеттен жазганыңызды ар кандай көз караштагы адамдар окуйт. Ар кимиси ар түрдүү бурмалап, кийин сөз өзүңүзгө каршы иштеп калышы мүмкүн.

Тамаша орунсуз жайлар

Таптакыр тамаша айтпай турган жерлер болот. Мисалы, сот залы же адамды акыркы сапарга узатуу учуру. Ошондой эле эл көп чогулган жайларда дагы абайлап сүйлөңүз. Жөнөкөй эле мисал, 200-300 киши чогулган жайда "бомба" же "өрт" деген сөздү айтпай эле койгон жакшы. Бири болбосо бири туура эмес угуп алып, паника башталып кеткенин элестетиңиз. Мындай учурда сөзүңүзгө мыйзам алдында жооп берип калышыңыз толук ыктымал.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0