10:06 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкекте панфиловчу аскерлердин жаркын элесине арналган митинг-реквием өттү

Баатырлар унутулбасын! Бишкекте панфиловчу аскерлер эскерилди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
44 0 0

316-аткычтар дивизиясын эскерүүгө арналган акция борбор калаада Иван Панфилов атындагы паркта болуп, 250дөн ашуун адам чогулду.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкекте панфиловчу аскерлердин жаркын элесине арналган митинг-реквием өттү.

316-аткычтар дивизиясынын эрдигинин 78-жылдыгына арналган акция борбор калаадагы Иван Панфилов атындагы паркта болуп, 250дөн ашуун адам чогулду. Эскерүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек мэриясынын, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, "Россотрудничество" коомдук уюмунун өкүлдөрү, аскер-патриоттук клубдун жетекчилиги жана жарандык активисттер катышты. Мындан сырткары, студенттер менен окуучулар да келишти. Иш-чараны "Европалыктар — жаңы толкун" фонду уюштурган.

  • В Бишкеке прошел митинг-реквием, посвященный памяти воинов-панфиловцев. 16 ноября, 2019 года
    Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкекте панфиловчу аскерлердин жаркын элесине арналган митинг-реквием өттү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкеке прошел митинг-реквием, посвященный памяти воинов-панфиловцев. 16 ноября, 2019 года
    316-аткычтар дивизиясынын эрдигинин 78-жылдыгына арналган акция борбор калаадагы Иван Панфилов атындагы паркта болуп, 250дөн ашуун адам чогулду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкеке прошел митинг-реквием, посвященный памяти воинов-панфиловцев. 16 ноября, 2019 года
    Эскерүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек мэриясынын, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, "Россотрудничество" коомдук уюмунун өкүлдөрү, аскер-патриоттук клубдун жетекчилиги жана жарандык активисттер катышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкеке прошел митинг-реквием, посвященный памяти воинов-панфиловцев. 16 ноября, 2019 года
    Мындан сырткары, студенттер менен окуучулар да келишти. Иш-чараны "Европалыктар — жаңы толкун" фонду уюштурган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Депутат ЖК Исхак Масалиев на митинге-реквиеме, посвященный памяти воинов-панфиловцев в парке имени Панфилова в Бишкеке. 16 ноября, 2019 года
    ЖК депутаты Исхак Масалиев ар улуттун аскерлеринен түзүлгөн панфиловчулар дивизиясы баа жеткис эрдик көрсөткөнүн билдирди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Советник посольства России Андрей Сургаев на митинге-реквиеме, посвященный памяти воинов-панфиловцев в парке имени Панфилова в Бишкеке. 16 ноября, 2019 года
    Ал эми Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев дагы 316-аткычтар дивизиясынын аскерлеринин теңдеши жок эрдигин белгилеп өттү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Руководитель представительства Россотрудничества в КР Виктор Нефедов на митинге-реквиеме, посвященный памяти воинов-панфиловцев в парке имени Панфилова в Бишкеке. 16 ноября, 2019 года
    "Россотрудничество" коомдук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедев эскерүү акциясына көп сандагы жаштардын келиши кубанычтуу көрүнүш экенин билдирди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкеке прошел митинг-реквием, посвященный памяти воинов-панфиловцев. 16 ноября, 2019 года
    Иш-чара унчукпай эскерүү жана Советтер Союзунун баатыры Иван Панфиловдун эстелигине гүл коюу менен жыйынтыкталды.

1 / 10
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкекте панфиловчу аскерлердин жаркын элесине арналган митинг-реквием өттү.

ЖК депутаты Исхак Масалиев ар улуттун аскерлеринен түзүлгөн панфиловчулар дивизиясы баа жеткис эрдик көрсөткөнүн билдирди.

"Ушундай адамдардын эрдигинин арты менен тынччылык өкүм сүрүүдө. Бактыга жараша биз андай кыйынчылыкты, согушту көргөн жокпуз, андай күн башка келбесин. Бирок биздин ата-бабаларыбыз согушуп жүрүп өттү. Азыр ушул тарыхты өчүрүп салууну каалап жаткандар же келесоо, же душман дээр элем", — деди Масалиев.

Ал эми Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев дагы 316-аткычтар дивизиясынын аскерлеринин теңдеши жок эрдигин белгилеп өттү.

"Биз бүгүн кан-жанын аябай Ата Мекенди коргогон аскерлерди эскерип жатабыз. Өзүңүздөрдүн баатырларыңыздарды унутпаңыздар", — деди Сургаев.

"Россотрудничество" коомдук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедев эскерүү акциясына көп сандагы жаштардын келиши кубанычтуу көрүнүш экенин билдирди.

"Кыргызстандын жаштары өз баатырларын эстеп жатканы кубанаарлык нерсе. Улуу Ата мекендик согуш жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды сактап келе жатканы үчүн өлкө башчысына өзүнчө ыраазычылык билдирем. Бул жылы бир гана Россия менен Кыргызстандын президенти 9-майда "Өлбөс полктун" жүрүшүнө катышты", — деди Нефедев.

Иш-чара унчукпай эскерүү жана Советтер Союзунун баатыры Иван Панфиловдун эстелигине гүл коюу менен жыйынтыкталды.

Тема боюнча

Жээнбеков "Ата-Бейитке" барып куран түшүрдү
Белгилер:
согуш, эскерүү, эрдик, Панфилов паркы

ЭҢ МААНИЛҮҮ