Дем алыш күндөрү Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт. Тизме

© AFP / JOHN MACDOUGALLПроблемы с электроснабжением в Украине
Проблемы с электроснабжением в Украине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясын берүү борбор калаанын чок ортосунда жана жаңы конуштарда үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Дем алыш күндөрү, 16-17-ноябрда, Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

16-ноябрь күнү жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.00-18.00 — Ынтымак конушундагы Курултай, Адыгине, Жетиген, Кырман көчөлөрү;

09.00-18.00 — Чүй проспектиси, Киев, Щербаков көчөлөрү менен чектешкен аймак;

09.00-18.00 — Саламалик конушундагы Күнгөй, Көк-Сай көчөлөрү;

17-ноябрь:

09.00-18.00 — Түштүк-2 аймагы;

09.00-18.00 — Кулиев көчөсүнүн бир бөлүгү.

Бишкек жарык өчөт

Жаңылыктар түрмөгү
0