09:05 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдындагы тактача. Архивдик сүрөт

Кочкор-Атада тепкичке отуруп дарыгер күткөн энелер боюнча министрлик үн катты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
286 0 0

Министрликтен билдиришкендей, учурда сөз болуп жаткан дарыгердин ишмердүүлүгү текшерилип жатат. Эгер иши кынтыксыз болсо, шаар жетекчилиги, оорукана жана дарыгердин ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарындагы оорукананын Балдар психоневрологиялык бөлүмүндө тепкичке отуруп кезек күткөн ата-энелерге кызмат көрсөткөн дарыгер жеке тартипте иштейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин балдарды көзөмөлдөө боюнча башкы адиси Бермет Самаганова Sputnik агенттигине билдирди.

Буга чейин Facebook тармагынын колдонуучусу Данияр Дурусбеков өзүнүн баракчасына таң эрте келип алып, сызда отуруп дарыгер күтүп жаткан ата-энелердин сүрөтүн жарыялаган. Ал эмне себептен бул оорулууларга шарт түзүлбөйт деген дооматын койгон.

"Сүрөт Кочкор-Ата шаарынын Балдар реабилитациялык борборунда тартылган. Эл күтүп жаткан невролог ооруканада 0,5 ставка менен иштейт. Ошол эле учурда шаар мэриясы менен келишим түзүп, оорукананын ичинде жеке кабинет ачкан экен. Анда амбулатордук оорулууларды кабыл алат. Ага эл бири-биринен угуп алып эле башка облустардан, жада калса Өзбекстандан бери келет экен", — деди адис.

Самаганованын айтымында, учурда министрлик сөз болуп жаткан дарыгердин ишмердүүлүгүн текшерип жатат.

"Биз ал оорулууларга канчалык деңгээлде жардам берип жатканын иликтеп көрөбүз. Эгер иши кынтыксыз болсо, шаар жетекчилиги, оорукана жана дарыгердин ортосунда үч тараптуу келишим түзүлсүн деген талапты койдук", — деди министрликтин өкүлү.

Келишимдеги негизги талаптар — оорулуулар каалаган учурда башаламан келип, өздөрү дагы кыйналып, башкаларга дагы тоскоол болбош үчүн электрондук кезекке жазылышат. Эртерээк келгендер үчүн медикти күткөнгө отургучтары менен ыңгайлуу жай бөлүнөт.

Бүгүн дарыгерге жана оорулууларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү кошумчаланды.

Министрликтин маалыматына караганда, түштүк аймагы боюнча облустук деңгээлдеги бардык ооруканаларда невролог адистер бар.

Тема боюнча

Бишкектеги бейтапканалардын бардыгы электрондук форматка өттү
Ооруган баласы менен тепкичте түндөп кезек күткөн энелер. Кочкор-Атадагы окуя
Белгилер:
дарыгер, кезек, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кочкор-Ата

ЭҢ МААНИЛҮҮ