08:19 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Коом
Кыскача шилтеме алуу
60 0 0

Муниципалитет калаа тургундарын өздөрү жашаган үйлөрдүн тегерек-четин тазалап, бак-дарактардын жерге түшкөн жалбырактарынан арылууга чакырат.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Мэрия шаардыктарды 16-ноябрда ишембиликке чакырат.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, тургундар өздөрүнүн үйү же кеңсеси турган аймакты иретке келтириши керек.

"Калган аймактарды өз күчүбүз менен тазалайбыз", — деп айтылат маалыматта.

Каалоосу бар тургундар акимдердин турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча орун басарлары менен байланышып, кайсы аймактарды тазалоо керектигин сураса болот.

Кимге кайрылуу керек:

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
  • Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.

Тема боюнча

Күйөрмандар оюндан кийин таштандынын баарын жыйнай кетишти. Сүрөт
Үй тазалоочу каражаттар өпкө илдеттерин пайда кылышы мүмкүн. Иликтөө
Белгилер:
тазалоо, ишембилик, мэрия, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ