Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 16-ноябрь, ишемби күнү, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын аймагында +3…+8, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +9…+14 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы борбор калаада +6…+8 градуска жетсе, Ошто термометрдин көрсөткүчү +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0