Жээнбеков 976 кишиге КР жарандыгын берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года
Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан жарандык тууралуу маселе менен 1905 адам кайрылган. Анын 1543ү чоң адам болсо, 362си балдар экени белгилүү.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү жана андан чыгаруу боюнча Жарлыктарга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 976 адам КР жарандыгына кабыл алынды, анын 821и — чоң адамдар, ал эми 155и — балдар. Жарандык алгандардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Дагы бир Жарлык боюнча 929 адам жарандыктан чыгарылат. Анын 722си чоң адамдар болсо, 207си балдар экени айтылды.

Жалпы жонунан жарандык боюнча 1905 киши арыз менен кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0